Загрузка документа…
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 19-декабры № 6/4
Ылай-Талаа айыл аймагында жашаган калктын саламаттыгын сактоодо айыл аймагындагы № 7- /БД тобунун жана ФАПтардын 2017-жыл ичинде жүргүзгөн иштеринин абалы жөнүндө
Ылай-Тлаа айыл аймагында жашаган калктын саламаттыгын сактоодо айыл аймагындагы № 7 -/БД тобунун жана ФАПтардын 2017-жыл ичинде жүргүзгөн иштери боюнча № 7-/БД тобунун башчысы А.Оморкуловдун берген маалыматын угуп жана талкуулап Ылай-Талаа айылдык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Ылай-Талаа айыл аймагында жашаган калктын саламаттыгын сактоодо айыл аймагындагы № 7-/БД тобунун жана ФАПтардын 2017-жыл ичинде жүргүзгөн иштери айрым сын- пикирлерди эске алуу менен канаттандырарлык деп табылсын.
2. Айыл аймагындагы жашаган тургундардын арасынан аялуу катмарына жана медициналык жардам сурап кайрылгандарды ФОМС тарабынан каралуучу дары-дармектер менен толук камсыз кылуу, калк арасында социалдык илдеттердин таралып кетишине жол бербөө үчүн көзөмөлдү күчөтүү, жаӊыдан келген тез жардам автоунаасын максаттуу пайдалануу менен оорулууларга ыкчам медициналык жардамдарды көрсөтүү жагы Ылай-Талаа айылындагы № 7 -/БД тобунун башчысы А.Оморкуловго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Ылай-Талаа айылдык кеӊешинин социалдык маданий, билим берүү, коммуналдык менчик, саламаттыкты сактоо, маалымдуулук, жаштар иштери, социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына (төрагасы У.Ажимаматов) тапшырылсын.
Төрага | Н. Жолдошов |