Загрузка документа…
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 6-февралы № 7/1
Ылай-Талаа айылаймагын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүдө Ылай-Талаа айыл Өкмөтүнүн башчысы К.Баатыровдун 2017-жылдын жыйынтыгы менен жүргүзгөн иштеринин абалы жана 2018-жылга милдеттери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 31-беренесинин 6-пунктуна ылайык Ылай-Талаа айыл аймагын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүдө Ылай-Талаа айыл Өкмөтүнүн 2017-жыл ичинде жүргүзгөн иштери жана 2018-жылга милдеттери тууралуу Ылай-Талаа айыл ӨкмөтүнүнбашчысыК.Баатыровдун отчетун угуп жана талкуулап Ылай-Талаа айылдык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Ылай-Талаа айыл аймагын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча 2017-жыл ичинде жүргүзгөн иштери тууралуу Ылай-Талаа айыл Өкмөтүнүн башчысы К.Баатыровдун отчетуканааттандырарлыкдептабылсын.
2. Ылай-Талаа айыл Өкмөтүнүн башчысы К.Баатыровго:
-айыл аймагын өнүктүрүү боюнча айыл Өкмөтү тарабынан иштелип чыккан стратегиялык жана социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү пландарын ишке ашыруу;
-айыл аймагын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүдө чет элдик инвесторлор, коомдук эмес уюмдар жана демөөрчүлөр менен иш алып барууну колго алуу;
-калкты таза суу, сугат суу менен камсыз кылуу, жайыттарды, эгин талааларды коргоону, оруп-жыюу маселелерин жөнгө салуу, жайлоодон көчүп келүү жагын тартипке салуу, көпүрөлөрдү куруу жана колдонуудагы көпүрөлөрдү тартипке келтирүү сыяктуу маселелерди колго алуу жактары эске алынсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Ылай-Талаа айылдык кеӊешинин баардык туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага | Н. Жолдошов |