ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ылай-Талаа айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
2018-жылдын 6-февралы № 7/2
Айыл аймагында кылмыштуулуктун алдын алуу жана ага бөгөт коюучу чаралар боюнча Кара-Кулжа РИИБ ККК МАЫӨнүн жана ЖӨИБнүн 2017-жылдын жыйынтыгы менен жүргүзүп жаткан иштеринин абалы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кара-Кулжа РИИБ ККК МАЫӨү милициянын ага лейтенанты Б.Джолоевдин жана ЖӨИБнүн башчысы милициянын капитаны К.Сабиржановдун айыл аймагында кылмыштуулуктун алдын алуу жана ага бөгөт коюучу чаралар боюнча 2017-жылдын жыйынтыгы менен жүргүзүп жаткан иштеринин абалы жөнүндөбергенмаалыматтарынын угуп жана талкуулап Ылай-Талааайылдык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Кулжа РИИБ ККК МАЫӨү милициянын ага лейтенанты Б.Джолоевдин жана ЖӨИБнүн башчысы милициянын капитаны К.Сабиржановдун айыл аймагында кылмыштуулуктун алдын алуу жана ага бөгөт коюучу чаралар боюнча 2017-жылдын жыйынтыгы менен жүргүзүп жаткан иштери айрым кемчилдиктерди эске алуу менен канааттандыраарлык экендиги белгиленсин.
2. ”Коомдук алдын алуу борборунун”ишин жандандыруу боюнча иштиктүү чараларды көрүү, комиссия мүчөлөрү менен коомчулуктун байланышын арттыруу аркылуу мал уурулукка бөгөт коюу,өспүрүмдөр арасында катталуучу кылмыштарды алдын алуу, айыл аймагындагы соода түйүндөрүндө спирт ичимдиктерин сатууну, жашы жете электерге спирт ичимдиктерин, тамеки заттарын сатууга тыюу салуу боюнча аракеттерди көрүү жагы айыл Өкмөтүнүн башчысынын орун басары Ш.Бекиевге, Кара-Кулжа РИИБ ККК МАЫӨү милициянын ага лейтенанты Б.Джолоевге жана ЖӨИБнүн башчысы милициянын капитаны К.Сабиржановго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеӊештин мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык этика, коомдук уюмдардын жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына (төрагасы С.Карабаев) тапшырылсын.
Төрага | Н. Жолдошов |