Загрузка документа…
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 6-февралы № 7/4
Айыл чарбасына арналбаган жер салыгынын Кззоналдык коэффициенттин маанисинин өлчөмүн көтөрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 339-беренесинин 4-бөлүгүнүн 3-бөлүкчөсүнө ылайык аталган берененин 1-бөлүгүндө белгиленген жер салыгынын өлчөмдөрүн дифференциялоо боюнча айыл чарбасына арналбаган жер салыгынын Кз зоналдык коэффициенттин маанисинин өлчөмүн көтөрүү тууралуу Ылай-Талаа айыл Өкмөтүнүн кирешелер боюнча жетектөөчү адиси С.Эсеналиевдиндык берген маалыматын угуп жана талкуулап Ылай-Талаа айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 339-беренесинин 4-бөлүгүнүн 3-бөлүкчөсүнө ылайык аталган берененин 1-бөлүгүндө белгиленген жер салыгынын өлчөмдөрүн дифференциялоо боюнча айыл чарбасына арналбаган жер салыгынын Кз зоналдык коэффициенттин маанисинин өлчөмү 2018-жылдын 1-январынан баштап айыл аймагында колдонулуп келген 1,0 дөн 1,2 ге өзгөртүлсүн.
2. Айыл чарбасына арналбаган жер салыгынын Кз зоналдык коэффициенттин маанисинин өлчөмү өзгөрүлгөндүгүнө байланыштуу айыл Өкмөтүнүн 2018-жылга бекитилген бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнө тиешелүү түзөтүүлөрдү киргизүү жагы айыл Өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Жолдошовага тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөжагы Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин социалдык маданий, билимберүү, коммуналдык менчик, саламаттыктысактоо, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык- экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына (төрагасыУ.Ажимаматов) тапшырылсын.
Төрага | Н. Жолдошов |