Загрузка документа…
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 6-февралы № 7/5
Ылай-Талаа айылдык кеңешинин 2018-жылга перспективалык иш-планын бекитүү жөнүндө
Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин төрагасынын орунбасары Н.Казматовдун айылдык Кеңештин 2018-жылга түзүлгөн перспективалык иш-планы боюнча берген маалыматын угуп жана талкуулап Ылай-Талаа айылдык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин 2018-жылга түзүлгөн перспективалык иш-планы тиркемеге ылайык бекитилсин. ( тиркеме тиркелет )
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөжагыЫлай-Талааайылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Н.Казматовго тапшырылсын.
Төрага | Н. Жолдошов |
Депутаттардын Ылай-Талаа айылдык кеңешинин
( VI чакырылыш) 06.02.2018-жылдагы кезектеги VII
сессиясынын жыйналышынын № 7/5- токтомуна тиркеме
Депутаттардын Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин 2018-жылга түзүлгөн перспективалык иш планы
№ | Каралуучу маселе | Каралуучу айы | Сессияга даярдоочу жооптуу кызматкерлер |
|
1 | Айылдык Кеңештин депутаттарынын эл арасында жүргүзүп жаткан иштери боюнча отчетторун угуу
| ар бир кварталда | Туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү жана тиешелүү кызмат адамдары |
|
| Айыл аймагын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүдө айыл Өкмөтүнүн башчысы К.Баатыровдун 2017-жыл ичинде жүргүзгөн иштерини абалы жана 2018-жылга милдеттери жөнүндө | февраль | Туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү жана айыл өкмөтүнүн аппараты |
|
2 | Ылай-Талаа айыл Өкмөтүнүн 2017-жылга бекитилген бюджетинин аткарылышы жөнүндө | февраль | Туруктуу комиссиянын мүчөлөрү жана ФЭБ башчысы |
|
3 | Жазгы талаа жумуштарынын абалы, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү боюнча айыл аймагында жүргүзүлүп жаткан иштердин абалы жөнүндө. | апрель | Туруктуу комиссиянын мүчөлөрү жана тиешелүү кызмат адамдары |
|
4 | Айыл аймагындагы жашаган калктын малдарын жугуштуу ооруларга каршы эмдөө жана жалпы эпизоотиялык абалды көзөмөлгө алуу боюнча ветеринардык сервистердин 2016-жылдын жүргүзгөн иштеринин абалы жөнүндө. | апрель
| Туруктуу комиссиянын мүчөлөрү жана тиешелүү кызмат адамдары |
|
5 | Алыскы жана жакынкы жайыттарды, кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин иштетүү жана пайдалануу,жер көчкү, жер саясаты боюнча айыл Өкмөтүнүн жана жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2017-жылы жүргүзгөн иштеринин жыйынтыгы жөнүндө | апрель | Туруктуу комиссиянын мүчөлөрү жана тиешелүү кызмат адамдары, жайыт бирикмесинин төрагасы |
|
6 | Айыл Өкмөтүнүн аймагындагы калкты таза суу,сугат суу менен камсыз кылууда Ылай-Талаа айылдык таза суу комитетинин, суу чарба башкармалыгынын 2017-жыл ичинде жүргүзгөн иштери жөнүндө | апрель | Туруктуу комиссиянын мүчөлөрү жана тиешелүү кызмат адамдары, СООПВ башчысы, УОСтун өкүлү |
|
7 | Айыл аймагында кылмыштуулуктун алдын алуу жана ага каршы жүргүзүлүп жаткан иштер, ыксыз чыгымдарды кыскартуу боюнча «Коомдук алдын алуу борборунун», аймактык инспектордун ,айыл Өкмөтүнүн алдында түзүлгөн комиссиялардын жана Аксакалдар Сотунун, Аялдар, Жаштар Кеңештеринин жер-жерлерде жүргүзгөн иштеринин абалы жөнүндө. | июль | Туруктуу комиссиянын мүчөлөрү, аймактык инспектор, коомдук Кеңештер жана тиешелүү кызмат адамдары |
|
8 | Айыл Өкмөтүнүн алты айлык бюджетинин аткарылышынын абалы жөнүндө | июль | Туруктуу комиссиянын мүчөлөрү жана ФЭБ башчысы |
|
9 | Ылай-Талаа айыл аймагынын калкын пенсия, пособия маалымат менен тейлөөдө Ылай-Талаа айылдык байланыш бөлүмүнүн жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө. | июль | Туруктуу комиссиянын мүчөлөрү жана тиешелүү кызмат адамдары, айылдык байланыш бөлүмүнүн башчысы |
|
10 | Ылай-Талаа айыл Өкмөтүнүн аймагындагы билим берүүчү мектептерде окуучуларга шашке тамагын берүүдө, ар түрдүү чыгымдардын сарпталышы боюнча мектеп администацияларынын жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө | октябрь | Туруктуу комиссиянын мүчөлөрү жана тиешелүү кызмат адамдары |
|
11 | Айыл Өкмөтүнүн тогуз айлык бюджетинин аткарылышынын абалы жөнүндө | октябрь | Туруктуу комиссиянын мүчөлөрү жана Ф.Э.Б башчысы |
|
12 | Сырткы жана ички инвестицияларды тартууда айыл элинин социалдык-экономикалык абалын жакшыртууда айыл Өкмөтүнүн жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө | октябрь | Туруктуу комиссиянын мүчөлөрү жана тиешелүү кызмат адамдары |
|
13 | Айыл Өкмөтүнүн аймагында жашаган элди электр энергиясы менен тейлөөнүн жүрүшү жана дебитордук карыздардын төлөнүшүнүн абалы жөнүндө | декабрь | Туруктуу комиссиянын мүчөлөрү жана тиешелүү кызмат адамдары |
|
14 | Айыл аймагында жашаган калктын саламаттыгын сактоодо № 7-ҮБДТ жана ФАПтардын жүргүзгөн иштеринин абалы жөнүндө. | декабрь | Туруктуу комиссиянын мүчөлөрү жана тиешелүү кызмат адамдары, №7-ҮБДТ-нун башчысы |
|
15 | Эмгек коллективдерде жана а.ө аппаратында эмгек тартибин чыңдоо жана укук бузуучуларга каршы жүргүзүлүп жаткан иштердин абалы жөнүндө | декабрь | Туруктуу комиссиянын мүчөлөрү |
|
16 | Айыл Өкмөтүнүн 2019-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө. | декабрь | Туруктуу комиссиялар, ФЭБ башчысы |
|
Ылай-Талаа айыл Өкмөтүнүн жооптуу катчысы С.Осмоналиев