Загрузка документа…
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 6-февралы № 7/6
Айыл өкмөтүнүн болуп өткөн жалпы элдик жыйында тандалып алынган эки артыкчылыктуу долбоорун бекитүү жана акча каражатын бөлүү жөнүндө
Айыл өкмөтүнүн болуп өткөн жалпы элдик жыйында тандалып алынган эки артыкчылыктуу долбоорун бекитүү жана акча каражатын бөлүү жөнүндө Ылай Талаа айылдык кенеши 2018-жылдын 18-январында айыл өкмөтүнүн айылдарынын жалпы калктынын катышуусундагы «Артыкчылыктуу долбоорду тандап алуу» боюнча болуп өткөн чогулушунун протоколунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Айыл өкмөтүнүн айылдарына нартык чылыктуу долбоору деп табылган «Бактым балам базарым» жана «Суу-жашоо булагы» долбоорлору бекитилсин
2. Бул долбоорлордун ишке ашуусун колдоо максатында Жергиликтүү бюджеттен «Бактым балам базарым» долбооруна 55 000 сом жана «Суу- жашоо булагы» долбооруна 227 400 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К. Баатыровго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин туруктуу комиссияларына жүктөлсун.
Төрага | Н. Жолдошов |