Загрузка документа…
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 6-февралы № 7/7
Сай айылындагы четки кашат көчөсүнө (маркум) Токтогулов Мураттын атын ыйгаруу жөнүндө
Айыл аймагындагы Сай айылындагы № 1-бөлүмүнүн жалпы жамаатынын 2018-жылдын 16-январындагы №1-протоколунун жана айылдык кенештин мыйзамдуулук, укук тартиби, коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиянын сунушунун негизинде Ылай-Талаа айылдык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Сай айылындагы № 1-бөлүмүнүн жалпы жамаатынын 2018-жылдын 16-январындагы № 1-протоколу бекитилсин.
2. Сай айылындагы четки кашаткөчөсү Токтогулов Мурат атындагы көчө болуп аталсын.
3. Аты коюлган көчөнүн абалын талапка ылайык деёгээлде болушун камсыздап, аталышын жаздырып, номерлерин илдирип, түнкү жарыктандыруу маселесин чечип берүү, дайыма көзөмөлдөп туруу жагы Токтогулов Мураттын уулу Токтогулов Дүйшөнгө милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеёештин тиешелүү туруктуу комиссияларына тапшырылсын
Төрага | Н. Жолдошов |