Загрузка документа…
КАРООЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 1-февралы №2/3
Кароол айылдык кеӊешинин 2017-жылга иш планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31-беренесине жана Кароол айылдык кеӊешинин Регламентине ылайык Кароол айылдык кеӊешинин кезексиз экинчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Алтынчы чакырылыштагы Кароол айылдык кеӊешинин 2017-жылга карата иш планы бекитилсин (тиркелет).
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеӊештин төрагасына жүктөлсүн.
Төрага |
А. Акматалиев |
Тиркеме
Кароол айылдык кеӊешинин 2017-жылдын «_01_» _02_
№ __2/3__ токтому менен бекитилген
Кароол айылдык кеӊешинин 2017-жыл үчүн иш планы
1. 2017-жылы Кароол айылдык кеӊешинин сессиясында каралуучу негизги маселелер:
1. Айылдык кеӊештин 2017-жыл үчүн иш планын бекитүү (2017-жыл, 1-квартал, айылдык кеӊештин төрагасы Акматалиев А.Т.)
2. Кароол айыл өкмөтүнүн 2016-жылдагы бюджетинин кирешелер жана чыгашалар боюнча аткарылышы (2017-жыл, 1-квартал, айылдык кеӊештин Финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясы жана Кароол айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы-башкы эсепчи Бердибекова К.С.)
3. Кароол айыл өкмөтүнүн 2016-жылдагы бюджеттик чыгымдан ашып калган акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө (2017-жыл, 1-квартал, айылдык кеӊештин Финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясы, Кароол айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы-башкы эсепчи Бердибекова К.С.)
4. Кароол айыл өкмөтүнүн 2017-жылдагы бюджетинин кирешелер жана чыгашалар боюнча планын бекитүү. 2018-2019-жылдарга карата болжолу жөнүндө. Айыл өкмөтүнүн 2017-жыл үчүн структурасын жана штаттын санын бекитүү (2017-жыл, 1-квартал, айылдык кеӊештин Финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясы, Кароол айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы-башкы эсепчи Бердибекова К.С.)
5. Кароол айыл аймагынын социалдык-экономикалык жактан өнүгүүнүн 2017-2020-жылдарга карата программасын жана элди социалдык жактан коргоонун стратегиясын бекитүү жөнүндө (Кароол айыл өкмөтүнүн башчысы)
6. Кароол айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2017-жылдагы кирешелер жана чыгашалар боюнча 6 айлык планынын аткарылышы жөнүндө (2017-жыл, 3-квартал, Финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясы, Кароол айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы-башкы эсепчи Бердибекова К.С.)
7. Кароол айыл аймагындагы жашоочулардын элдик курултайын өткөрүү (2017-жыл, 2-квартал, айылдык кеӊештин төрагасынын орун басары Абдылаев А.Н., Кароол айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары)
8. Кароол айыл аймагындагы маданият үйүнүн жана китепкананын калкты тейлөөдөгү ишмердүүлүгү жана алдыдагы милдеттери жөнүндө (2017-жыл, 4-квартал, Социалдык маселелер, байланыш жана транспорт боюнча туруктуу комиссия, айыл өкмөтүнүн соцадиси)
9. Социалдык тармактагы мекемелердин жаӊы окуу жылына, кышка даярдыгы жөнүндө (2017-жыл, 3-квартал, Социалдык маселелер, байланыш жана транспорт боюнча туруктуу комиссия, айыл өкмөт башчысынын орун басары)
10. Жайыт комитетинин 2016-жылда аткарган иштери жана бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчету жана 2017-жыл үчүн бюджетинин жана иш планын бекитүү жөнүндө (2017-жыл, 1-квартал; 3-квартал. Айыл-суу чарба, жер, өнөр жай, курулуш жана энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссия, Жайыт комитетинин башчысы)
11. Кароол айыл аймагынын калкын таза суу менен камсыз кылуунун абалы жана алдыдагы милдеттер жөнүндө (2017-жыл, 3-квартал, айыл өкмөт башчысынын орун басары, Социалдык маселелер, байланыш жана транспорт боюнча туруктуу комиссия)
12. “Кароол-Достук” СПАнын 2016-жылда аткарган иштери жана бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчету жана 2017-жыл үчүн бюджетинин жана иш планын бекитүү жөнүндө (2017-жыл, 1-квартал, СПАнын жетекчиси, Айыл-суу чарба, жер, өнөр жай, курулуш жана энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссия)
13. Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнүн №26 Кароол, Мырза-Арык, №27 Шералы административдик участкаларынын тескөөчүлөрүнүн, айыл өкмөтүнүн коомдук алдын-алуу борборунун аткарып жаткан иштери жана алдыдагы милдеттери (2017-жыл, 4-квартал, Регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык этика жана дин иштери боюнча туруктуу комиссия, участкалык тескөөчүлөр, айыл өкмөтүнүн соцадиси)
II. Уюштуруу-массалык иштер
№ | Иш чаранын мазмуну | Мөөнөтү | Аткаруучулар, жооптуулар | Эскертүү |
1 | Туруктуу комиссиялардын сандык, сапаттык курамын бекитүү | 2017-жыл, 1-квартал | Кеӊештин төрагасы |
|
2 | Кароол айылдык кеӊешинин Регламентин бекитүү | 2017-жыл, 1-квартал | Кеӊештин төрагасынын орун басары Укулов К. |
|
3 | Коомдук бюджеттик угууларды өткөрүү, депутаттык окууларды өткөрүү | Жыл ичинде | Айыл өкмөт башчысы, Кеӊештин төрагасынын орун басарлары |
|
4 | Жарандардын кайрылууларына ылайык тейлөөлөр (жол оӊдоо, ичкен суу, таштанды чыгаруу, жакшыртуу жана жашылдандыруу, жарык менен камсыздандыруу ж.б.) боюнча депутаттык угууларды өткөрүү (депутаттык саат, депутаттык күн); протоколдук тапшырмалардын аткарылуу жүрүшүн ж.б. маселелерди кароо жана алар боюнча чечимдерди кабыл алуу. | 4 айда бир жолу | Туруктуу комиссиялардын төрагалары |
|
5 | Депутаттардын атуулдук коомдордун активдери менен тегерек столдо жолугушуусун уюштуруу | Жыл ичинде | Кеӊештин төрагасынын орун басары, туруктуу комиссиялар |
|
6 | Депутаттардын шайлоочулар менен жолугушуусу (отчету) | Декабрь айында | Кеӊештин төрагасынын орун басары, туруктуу комиссиялар |
|
7 | Айыл өкмөтүнүн жылдык отчетун элдик курултайда угуу | Жылына бир жолу | Кеӊештин төрагасынын орун басары, айыл өкмөт башчысы |
|
8 | Алдыӊкы айыл кеӊештин иш тажрыйбасын жеринде уюштуруу (тажрыйба алмашуу) | Жылына 1, 2 жолу | Кеӊештин төрагасы |
|
9 | Жазгы талаа, эгүү, себүү иштерин өз убагында камсыз кылуу максатында айдоо, малалоо, арык тартуу ж.б. жумуштардын баасын бекитүү | 2017-жыл, 1-квартал | Кароол айыл өкмөтүнүн жер адиси |
|
10 | Жайлоого кетүүчү мал жандыктар үчүн тарифтик өлчөмүн бекитүү |
| Кароол айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары |
|
11 | Кароол айыл аймагында КБФнын жерлерине аукцион өткөрүүгө даярдык көрүү, уюштуруу | 2017-жыл, август | Кароол айыл өкмөтү, Айыл-суу чарба, жер, өнөр жай, курулуш жана энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссия |
|
12 | «2017-жыл Ыйман, адеп, жана маданият» - Жылына карата иш чараларды уюштуруу | Жыл ичинде | Кароол айылдык кеӊеши |
|
13 | Алтынчы чакырылыштагы Кароол айылдык кеӊеши тарабынан кабыл алган чечимдеринин аткарылышынын абалы жөнүндө | 2017-жылдын ар бир кварталында | Кеӊештин жооптуу катчысы |
|
14 | Депутаттык ыйгарым укуктарды мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө (зарылдыкка жараша) | Жыл ичинде | Кеӊештин төрагасы |
|
15 | Капроол айыл аймагындагы калктын саламаттыкты тейлөөдө ФАП, СВАлардын жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө | 3-квартал | Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясы |
|
16 | Айылдардын таза суу боюнча камсыз болушу жөнүндө | 4-квартал | Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясы |
|
17 | Кароол айыл аймагындагы мектеп, балдар бакчалардын ишмердүүлүгүн кароо жөнүндө | 3-квартал | Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясы |
|
Төрага А. Акматалиев