Загрузка документа…
КАРООЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 18-февралы №3/1
Кароол айыл өкмөтүнүн 2016- жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2017-жылга айыл өкмөтүнүн бюджетин бекитүү жөнүндө
Кароол айыл өкмөтүнүн 2016- жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2017-жылга айыл өкмөтүнүн бюджетин бекитүү, 2018-2019–жылдарга проектисин кароо жөнүндө маселе КРнын «Бюджет Кодексинин» 24-беренесине Кароол айылдык кенешинин Регламентине ылайык, айылдык кеӊешинин бюджет, финансы жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясында алдын ала каралып, алардын сунуштарынын негизинде Кароол айылдык кеӊешинин V1 чакырылыштагы кезектеги 3-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. 2016-жылы Кароол айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгү 14568,1 мин сомго жана чыгаша бөлүгү 14684,5 мин сомго аткарылгандыгы белгиленсин (№ 1 тиркеме тиркелет).
2. 2017- жылга айыл өкмөтүнүн бюджети кирешелери 14234,6 мин сомго жана чыгашалары 14234,6 мин сом өлчөмүндө бекитилсин. (№ 2 тиркеме тиркелет).
3. Айыл өкмөтүнүн 2018–2019-жылдарга жактырылган болжолдуу көрсөткүчтөрү № 3 тиркемеге ылайык бекитилсин жана ар бир так мезгилде аларды кабыл алууда такталууга жатаары белгиленсин.
4. 2016-жылдагы өндүрүлбөй калган салык жана салык эмес төлөмдөр 2017-жылдын кирешелер бөлүмүнө атайын графа болуп киргизилсин.
5. Кыргыз Республикасынын «Бюджет» Кодексинин 24-беренесине ылайык айыл өкмөтүнүн резервтик фонду 100,0 миӊ сом өлчөмүндө бекитилсин
6. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына 2016-2018-жылдарга жергиликтуу бюджеттердин чыгашаларын каржылоо биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер (эмгек акы, социалдык фондго чегеруулор, тамак- аш, дары-дармек жана милдеттуу медициналык камсыздандырууга чегерүүлөр), коммуналдык кызматтар (көмүр , суу, Электр энергия) боюнча жүзөгө ашыруу сунушталсын.
7. Бюджеттик кирешелер менен чыгашаларды толук аткаруу, аларды сарамжалдуу, натыйжалуу жана максатка ылайыктуу пайдаланып акысыз чыгымга жол койбостон финансылык мыйзамдарды сактоо максатында:
- подотчет алуучуларды тизмеси өкмөт башчысынын атайын буйругу менен бекитилсин жана атайын заявка менен гана берилсин:
- бөлүнгөн каражат бюджеттик класификацияга ылайык өз максатында жумшалсын, муниципалдык менчиктин сакталышына жана андан киреше алууга маани берилсин.
8. Бюджеттик мекемелер, чарба жүргүзүүчү субьекттер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан максаттуу багытталышы боюнча пайдаланылбаган Кыргыз Республикасынын бюджетинин каражаттары тиешелуу бюджеттерге өндүрүп алынаары эске алынсын.
9. Казына системасын четтеп өтүү менен атайын каражаттарды пайдаланууга тыюу салынсын. Көрсөтүлгөн тартип бузулганда атайын каражаттын 100 пайызы Кыргыз Республикасынын Республикалык бюджетинин кирешесине алынаары белгиленсин.
10. Айланма кассалык калдык айыл өкмөтүнүн бюджети боюнча жүргүзүлгөн накталай акча каражаты 2017 – жылдын 1-январына карата 100,0 мин сом өлчөмүндө белгиленсин.
11. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеӊештин финансы бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (Т.Жээнбеков) тапшырылсын.
Төрага |
А. Акматалиев |