КАРООЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кароол айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги III сессиясы
2017-жылдын 18-февралы № 3/4
Кароол айыл өкмөтүнүн Жайыт пайдалануучулар бирикмесине спец. техника алуу үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Кароол айыл өкмүтүнүн Жайыт пайдалануучулар бирикмесине спец. техника алуу үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндөгү маселени «финансы – экономика , бюджет , экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын талкуусунун Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын негизинде айылдык кеӊештин 3-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кароол айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесине АРИС тарабынан бериллүүчү грантка 25% дык акча төлөмүнө 468389 ( төрт жүз алтымыш сегиз миӊ үч жүз сексен тогуз ) сомду айыл өкмөттүн өздүк бюджетинен бөлүнүп берилсин.
2. Бөлүнгөн акча каражатын которуп берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысына А.Мурзабековго жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы « финансы – экономика , бюджет , экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясына ( Т.Жээнбеков) тапшырылсын.
Төрага | А. Акматалиев |