Загрузка документа…
КАРООЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 6-марты № 4/1
Кароол айыл өкмөтүнө караштуу Шералы айылына АРИСтик айылдык инвестициялоо долбоорунун алкагында спорт комплексин курууга жер тилкесин берүү жөнүндө
Кароол айыл өкмөтүнө караштуу Шералы айылына АРИС тик айылдык инвестициялоо долбоорунун алкагында спорт комплексин курууга жер тилкесин берүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-марттындагы сунушун
«Айыл-суу чарба, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселелери» боюнча туруктуу комиссиясынын талкуусунун, КР нын
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын негизинде Кароол айылдык кеӊешинин кезексиз 4-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кароол айыл өкмөтүнө караштуу Шералы айылына АРИСтик айылдык инвестициялоо долбоорунун алкагында спорт комплексин курууга Шералы айылындагы К.Рыспаев атындагы орто мектебинин эски имаратынын ордунан 0,12 га жер тилкеcине куруу айыл өкмөтүнө сунушталсын.
2. Шералы айылына АРИСтик айылдык инвестициялоо долбоорунун алкагында спорт комплексин курууга жер тилкесин бөлүп берүү үчүн тийиштүү документтерди бүтүрүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Сайитовго жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы «Айыл-суу чарба, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселелери» боюнча туруктуу комиссиясына ( К.Рысалиев ) жүктөлсүн.
Төрага | А. Акматалиев |