Редакцияот 01.04.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРООЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кароол айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз VI сессиясы

 

2017-жылдын 1-апрели № 6/2

Жайлоону пайдалануу, жайыт пайдалануу үчүн укук алуу үчүн акы жөнүндө

     Жайлоону пайдалануу, жайыт пайдалануу үчүн укук алуу үчүн акы жөнүндө маселелер Кароол айыл аймагынын Кароол жайыт пайдалануучуларынын бирикмесинин жайыт комитетинин башчысы П.Калматовдун сунушунун негизинде Кароол айылдык кеӊешинин “Айыл-суу чарба, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселелери” боюнча туруктуу комиссияда каралып, комиссиянын курамынын талкуусунун негизинде түзүлгөндүгүн эске алып, депутаттардын сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жайыттар жөнүндө Мыйзамынын 10-беренесинин негизинде жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 1-пунктунун негизинде Кароол айылдык кеӊешинин кезектеги 6- сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Кароол айылдык аймагынын аймагында жеке менчик малдардын жайлоого айдоо мезгили 2017-жылдын 20-апрелинен кечиктирбей айдоо жана кайтуу мезгили 1-октябрь айларына белгиленсин.

2.    Жайыт пайдалануучулардын алынуучу жайыт акы ар бир баш кара малга, жылкыга 100 (жүз) сомдон, торпокторго 80 (сексен) сомдон, майда жандыктарга (кой, эчки) 20 (жыйырма) сомдон белгиленсин.

3.    Жайлоодо багуучу бадачылардын айына мал баккан акысы бир баш малга 350 (үч жүз элүү) сом, кой эчкиге 80 (сексен) сомдон, эгерде башка райондун айыл өкмөтүнүн малчылары биздин жайлоого жайласа анда ар бир башка эки эседен белгиленсин.

4.    Айыл ичинде калган саан уйларга алынуучу бада акы 250 (эки жүз элүү) сомдон белгиленсин.

5.    Бул токтомду аткарууга алуу Кароол жайыт пайдалануучуларынын бирикмесинин жайыт комитетинин башчысы П.Калматовго, Кароол айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мурзабековго жана айыл башчыларга (Жээнбаев Т, К. Конурбаев, А.Шамшиев.) милдеттендирилсин.

6.    Токтомду көзөмөлгө алуу айылдык кеӊештин «Айыл-суу чарба, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселелери» боюнча туруктуу комиссиясына (К.Рысалиев ) жүктөлсүн.

 

Төрага

А. Акматалиев