Загрузка документа…
КАРООЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 1-апрели № 6/6
Кароол айыл аймагындагы жаӊы көчөлөргө аттарды ыйгаруу менен ысымдарды түбөлүккө калтыруу жөнүндө
Кароол айыл аймагындагы көчөлөргө аттарды ыйгаруу менен ысымдарды түбөлүккө калтыруу жөнүндөгү маселе Кароол айылдык кеӊешинин Кароол айыл аймагындагы топонимика жана атын түбөлүккө калтыруу боюнча убактылуу комиссиясында каралып, алардын талкуусунун негизинде түзүлгөндүгүн эске алып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 1-пунктуна, Кароол айылдык кеёешинин Регламентине жана “Кароол айыл аймагындагы топонимика жана атын түбөлүккө калтыруу боюнча комиссия жөнүндөгү” Жобого ылайык Кароол айылдык кеӊешинин кезектеги 6- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кароол айылындагы Жүзүм бак участкасында жайгашкан жаӊы көчөгө Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу маркум Алимов Асанбайдын ысымын түбөлүккө калтыруу максатында ыйгарылсын (күн чыгыштан күн батышты карай катар номер Жолдошов Кылычтын жана Имаралиев Шермаматтын үйүнөн башталып, Таабалдыев Алимбектин үйүнө чейин).
2. Көчөнүн атын өзгөртүүдө каралуучу каражаттар көчөгө аты коюлган адамдардын тууган-уруктарынын эсебинен чыгымдалсын жана көчөнүн тазалыгына ж.б. көз салуу аларга тапшырылсын.
3. Ыйгарылуучу атоолорду мамлекеттик органдын тийиштүү аймактык бөлүгүндө каттоодон жана учеттон өткөрүү боюнча иш алып баруу Кароол айыл өкмөтүнүн башчысы А. Мурзабековго жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясына (төрагасы Т. Асиев.) тапшырылсын.
Төрага | А. Акматалиев |