Загрузка документа…
КАРООЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 29-апреля № 7/1
Турак жай куруу үчүн жер участокторун которуу ( трансформациялоо) жөнүндө
Жалпак-Таш айыл аймагындагы жер көчкүдөн жабыркаган жана жер көчкүдөн коопту болгон үй-бүлөөлөргө Кароол айыл аймагындагы Мырза-Арык айылындагы мамлекеттик фондусунун кайрак айдоо жеринен турак жай куруу үчүн жер участокторун которуу ( трансформациялоо) жөнүндөгү маселени карап жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтуу оз алдынча башкаруу жонундогу” Мыйзамынын 31- беренесине, Кароол айылдык кенешинин Регламентине, “Кыргыз Республикасынын жер участокторун которуу жонундо” Мыйзамынын 145-беренесине ылайык Кароол айыл кенешинин кезексиз 7-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мырза-Арык айылындагы мамлекеттик фондусундагы № 289 контурундагы 6,9 га, № 281 контурундагы 32,7 га. шартуу сугат, № 222 контурундагы 10,9 га кайрак айдоо, бардыгы 50,5 га жана № 879- контурундагы 20 га кайрак айдоо жер тилкеси жеке менчик турак жай куруу үчүн “Айыл чарба жерлери“ категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына которууга (трансформациялоого ) сунуш кылынсын.
2. Суралсын Өзгөн райондук жер кадастры жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынан “Айыл чарба жерлери“ категориясынан “Калктуу конуштар жерлери” категориясына которууга (трансформациялоого ) тийиштүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы.
3. Мыйзам ченеминде иш кагаздарын даярдоо айыл окмотунун башчысы А.С.Мурзабековго жүктөлсүн.
4. Токтомду көзөмөлдөө жагы айылдык кененштин “Айыл-суу чарба,жер, өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселелери” боюнча туруктуу комиссиясына (К. Рысалиев) жүктөлсүн.
Төрага | А. Акматалиев |