Редакцияот 10.06.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРООЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кароол айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы

 

2017-жылдын 10-июну № 8/4

Кароол айылындагы жаӊы көчөлөргө аттарды ыйгаруу менен ысымдарды түбөлүккө калтыруу жөнүндө

Кароол айыл аймагындагы көчөлөргө аттарды ыйгаруу менен ысымдарды түбөлүккө калтыруу жөнүндөгү маселе Кароол айылдык кеӊешинин Кароол айыл аймагындагы топонимика жана атын түбөлүккө калтыруу боюнча убактылуу комиссиясында каралып, алардын талкуусунун негизинде түзүлгөндүгүн эске алып, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Мыйзамынын 31-берен эсинин 1-пунктуна, Кароол айылдык кеӊешинин Регламентине жана “Кароол айыл аймагындагы топонимика жана атын түбөлүккө калтыруу боюнча комиссия жөнүндөгү Жобого” ылайык Кароол айылдык кеӊешинин кезектеги 9- сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Орто-Арык айылынын Борбордук көчөсүнө Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери мамлекеттик жана партиялык ишмер, маркум Үсөнов Аали Сулаймантегиндин ысымын түбөлүккө калтыруу максатында ыйгарылсын (Туратбеков Кубатбектин үйүнөн Адылов Кочкорбайдын үйүнө чейин).

2. Мырза-Арык айылында жайгашкан Төрт-Көл участкасынын күн чыгыш тарабындагы көчөгө маркум Акжолов Койчубайдын ысымын түбөлүккө калтыруу максатында ыйгарылсын (Төрөбаев Абылдын үйүнөн Бакиров Ороздун үйүнө чейин).

 3. Кароол айылында Жүзүм-Бак жаёы конушунда күн чыгыш тарабындагы көчөгө Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери маркум Атабай уулу Тайчабардын ысымын түбөлүккө калтыруу максатында ыйгарылсын.

 4. Мырза-Арык айылында жайгашкан Төрт-Көл конушундагы жаёы көчөгө Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери маркум Гайыпов Турдунун ысымын түбөлүккө калтыруу максатында ыйгарылсын (Гайыпов Жаныбектин үйүнөн Кимсанов Алимбектин үйүнө чейин).

 5. Мырза-Арык айылында жайгашкан жаӊы көчөгө Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери маркум Раимкулов Жакыптын ысымын түбөлүккө калтыруу максатында ыйгарылсын.

6.Көчөнүн атын ыйгарууга каралуучу каражаттар көчөгө аты коюлган адамдардын тууган-уруктарынын эсебинен чыгымдалсын жана көчөнүн тазалыгына ж.б. көз салуу аларга тапшырылсын.

7. Ыйгарылуучу атоолорду мамлекеттик органдын тийиштүү аймактык бөлүгүндө каттоодон жана учеттон өткөрүү боюнча иш алып баруу Кароол айыл өкмөтүнүн башчысы А.С.Мурзабековго жүктөлсүн.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө “Регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясына” (Т.Асиев.) тапшырылсын.

 

Төрага

А. Акматалиев