Редакцияот 10.06.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРООЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кароол айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы

 

2017-жылдын 10-июну № 8/7

Мырза-Арык айылына мектеп куруу үчүн жер участогун бөлүп берүү жөнүндө

Мырза-Арык айылынын тургундарынын социалдык муктаждыктарын чечүү үчүн айыл өкмөтүнүн мамлекеттик фондусунан шарттуу суугат айдоо жеринен 275 орундуу мектеп курууга жер участогун бөлүп берүүдө КРнын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамына ылайык Кароол айылдык кенешинин 2017-жылдын 10-июндагы кезектеги 8-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кароол айыл аймагына караштуу Мырза-Арык айылына 275 орундуу мектеп куруу үчүн айыл өкмөттүн мамлекеттик фондусунун жеринен 1,92 га жер тилкеси бөлүнүнп берилсин.

2. Суралсын Өзгөн райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынан,, Өзгөн райондук жер кадастры жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан ажыратылып берилген жер участогуна тийиштүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы.

3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл, суу чарба, өнөр жай, курулуш, транспорт, жана энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынына жүктөлсүн.

 

Төрага

А. Акматалиев