КАРООЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кароол айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
2017-жылдын 10-июну № 8/10
Кароол айыл аймагындагы Мырза-Арык, Кароол, Шералы айылдарынын тургундарына жеке турак жай куруу үчүн жер тилкесин берүү жөнүндө
Кароол айыл аймагындагы Мырза-Арык, Кароол, Шералы айылдарынын тургундарына жеке турак жай куруу үчүн жер тилкесин берүү жөнүндөгү маселени карап жана талкуулап, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынына ылайык айылдык кенешинин кезектеги 8 –сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кароол айыл аймагындагы Мырза-Арык, Кароол, Шералы айылдарынын жеке турак жай куруу үчүн жер тилкесине муктаж болгон тургундарга ар бирине 0,08га жер аянтын бөлүп берүү жагы сунушталсын.
2.Кароол айыл тургундарына 0,08га жер аянтын бөлүп берүү боюнча Өзгөн райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл, суу чарба, өнөр жай, курулуш, транспорт, жана энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (Рысалиев К) тапшырылсын.
Төрага | А. Акматалиев |