Загрузка документа…
КАРООЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 5-августу № 9/3
Кароол айыл аймагындагы Шералы айылындагы таза суу кампасын жана ага суу чыгаруу үчүн скважинаны айыл өкмөттүн муниципалдык менчигине өткөрүү жөнүндө
Кароол айыл аймагындагы Шералы айылындагы таза суу кампасын жана ага суу чыгаруу үчүн скважинаны айыл өкмөттүн муниципалдык менчигине өткөрүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап КРнын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын негизинде Кароол айылдык кенешинин кезектеги 9-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шералы айылындагы таза суу кампасы (аянты 0,18га) жана ага суу чыгаруу үчүн скважинасы (аянты 0,36га) Кароол айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүп алуу жагы айыл өкмөтүнө сунушталсын.
2. Таза суу кампасына жана ага суу чыгаруу үчүн скважинасына тийиштүү иш кагаздарын даярдап, каттоодон өткөрүп алуу жагы айыл өкмөттүн башчысы А.С.Мурзабековго тапшырылсын.
3. Токтомду көзөмөлгө алуу айылдык кенештин “Айыл-Суу чарба, жер өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселелери” боюнча туруктуу комиссиясына (К.Рысалиевге) жүктөлсүн.
Төрага |
А. Акматалиев |