Загрузка документа…
КАРООЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 5-августу № 9/4
Ж.Абдисаламовду депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана Т.Сополовго депутаттын ыйгарым укугун киргизүү жөнүндө
Ж.Абдисаламовдун депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бошогон орунга кезекте турган Т.Сополовго депутаттык ыйгарым укук берүү жөнүндөгү маселе «Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү кенештердин депутаттарын статусу жөнүндө» Мыйзамынын 2-жана 3-статьяларын жетекчиликке алып, «Регламент, мыйзамдулук, укуктартиби жана депутаттык этика» боюнча туруктуу комиссияда каралып, алардын талкуусунун негизинде түзүлгөндүгүн эске алып, айылдык кенештин сессиясында каралып, талкууланып, Кароол айылдык кенешинин кезектеги 9-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кароол айылдык кенешинин депутаты Ж.Абдисаламовду өз арызынын негизинде айылдык кенештин депутаты ыйгарым укугу мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.
2. Бошогон орунга кезекте турган Т.Сополовго депутаттык ыйгарым укук берилсин.
3. Аталган токтомду бекитип берүү жагы Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынан жана КРнын Борбордук шайлоо комиссиясынан суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө «Регламент, Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясынын» төрагасы Т.Асиевге тапшырылсын.
Төрага |
А. Акматалиев |