Загрузка документа…
КАРООЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 5-августу № 9/6
Кароол айылындагы жаӊы көчөлөргө аттарды ыйгаруу менен ысымдарды түбөлүккө калтыруу жөнүндө
Кароол айыл аймагындагы көчөлөргө аттарды ыйгаруу менен ысымдарды түбөлүккө калтыруу жөнүндөгү маселе Кароол айылдык кеӊешинин Кароол айыл аймагындагы топонимика жана атын түбөлүккө калтыруу боюнча убактылуу комиссиясында каралып, алардын талкуусунун негизинде түзүлгөндүгүн эске алып, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Мыйзамынын 31-берен есинин 1-пунктуна, Кароол айылдык кеӊешинин Регламентине жана “Кароол айыл аймагындагы топонимика жана атын түбөлүккө калтыруу боюнча комиссия жөнүндөгү Жобого” ылайык Кароол айылдык кеӊешинин кезектеги 9-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шералы айылынын Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери маркум Сатикеев Оморалинин ысымын түбөлүккө калтыруу максатында ыйгарылсын (Кочконов Жылдыздын үйүнөн Мезгил дүкөнүнүн имаратына чейин).
2.Көчөнүн атын ыйгарууга каралуучу каражаттар көчөгө аты коюлган адамдардын тууган-уруктарынын эсебинен чыгымдалсын жана көчөнүн тазалыгына ж.б. көз салуу аларга тапшырылсын.
3. Ыйгарылуучу атоолорду мамлекеттик органдын тийиштүү аймактык бөлүгүндө каттоодон жана учеттон өткөрүү боюнча иш алып баруу Кароол айыл өкмөтүнүн башчысы А.С.Мурзабековго жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө “Регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясына” (Т.Асиев.) тапшырылсын.
Төрага |
А. Акматалиев |