Загрузка документа…
КАРООЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 19-сентябры № 11/1
Кароол аймагындагы Шералы айылынын тургуну Кадыралиева Пазилаттин арызы жөнүндө
Кароол аймагындагы Шералы апйылынын тургуну Кадыралиева Пазилаттин арызы жөнүндөгү маселени Кароол айылдык кеӊешинин “Айыл суу чарба, жер, өнөр жай, курулуш, байланыш, транспорт, энергетика” боюнча туруктуу комиссиясы жана арызды тактап чыгуу боюнча убактылуу комиссиясы жеринде карап жана талкуулап алардын сунуштарынын негизинде, КРнын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби ” жөнүндө Мыйзамына ылайык Кароол айылдык кеӊешинин кезексиз 11 - сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Шералы айылынын тургуну Кадыралиева Пазилаттин менчигиндеги жер тилкесинин багыты “Көмөкчү чарба жүргүзүүдөн” башка багытка пайдалануу үчүн “калкты тейлөөгө” өзгөртүп берүү жагы айыл өкмөтүнө сунушталсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Айыл суу чарба, жер, өнөр жай, курулуш, байланыш, транспорт, энергетика маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына (К.Рысалиевге) тапшырылсын.
Төрага |
А. Акматалиев |