Загрузка документа…
КАРООЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 4-ноябры № 12/6
Кароол айыл аймагындагы МФнын (КБФ) жерлерине аукцион өткөрүү жөнүндө
Кароол айыл аймагында МФнун (КБФ) жерлерине аукцион өткөрүү жөнүндөгү маселени Кароол айылдык кеӊешинин «Айыл, суу чарба, жер өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясында» каралып, талкуусунун негизинде түззүлгөндүгү эске алып, Кыргыз Республикасынын «Жергилүктүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31-беренесинин негизинде Кароол айылдык кеёешинин кезектеги 12-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кароол айыл аймагында МФнун (КБФ) жерлерине аукцион өткөрүү боюнча төмөнкү курамда комиссия түзүлсүн:
- О.Ырысалиев-айыл өкмөттүн башчысынын орун басары
- Б.Тайчабаров-айыл өкмөттүн жетектөөчү адиси
- Р.Сайитов-айыл өкмөттүн жер адиси
- Ж.Абдисаламов-Кароол айылынын айыл башчысы
- К.Коӊурбаев-Шералы айылынын айыл башчысы
- А.Шамшиев-Мырза-Арык айылынын айыл башчысы
- О.Жолдошов-айылдык кеӊештин депутаты
- А.Уркунбаев-айылдык кеӊештин депутаты
- К.Рысалиев-айылдык кеӊештин депутаты
2. КБФнун жерлерине аукцион өткөрүү боюнча түзүлгөн комиссиясына аукцион өткөрүүдө типтүү жобонун негизинде иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3. КБФнун жерлерине аукционго катыша турган атуулдар ижара акы, соц. фонд, жер салыгы, суу төлөмдөрүнөн карызы жок болуусу эскертилсин.
4. Аукциондун кирүү билетинен түшкөн каражаты, аукцион иш кагаздарына жумшалсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеӊештин «Айыл, суу чарба, жер өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына» (К.Рысалиевге) жүктөлсүн.
Төрага |
А. Акматалиев |