Загрузка документа…
КАРООЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 4-ноябры № 12/7
Кароол айыл аймагындагы турак жай салуу үчүн жер тилкесин алууга кезекте турган жергиликтүү айыл тургундарына жер тилкесин берүү жөнүндө
Кароол айыл аймагындагы Мырза-Арык айылынын күн чыгыш тарабындагы Үч-Алыш участкасындагы мамлекеттик фондусундагы № 879 контурундагы 20 га жерден Кароол айыл аймагындагы турак жай салуу үчүн жер тилкесин алууга кезекте турган жергиликтүү айыл тургундарына, ген. план боюнча жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндөгү сунушун карап, талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-майындагы № 177 токтомуна ылайык Кароол айылдык кеӊешинин кезектеги 12-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кароол айыл аймагындагы Мырза-Арык айылынын күн чыгыш тарабындагы Үч-Алыш участкасындагы мамлекеттик фондусундагы № 879 контурундагы 20 га жер аянтынан Кароол айыл аймагындагы Мырза-Арык, Кароол, Орто-Арык, Шералы айылдарынын турак жай салуу үчүн жер тилкесин алууга кезекте турган айыл тургундарына ген. план боюнча жер тилкесин бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Жер тилкесин алуучу кезекте турган айыл тургундарына жер тилкесин берүүнү мыйзам чегинде карап, бөлүштүрүп берүүнү айыл өкмөт алдында түзүлгөн туруктуу турак жай шарттарын текшерүү боюнча комиссияга тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы «Айыл, суу чарба, жер өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына» (К.Рысалиевге) жүктөлсүн.
Төрага |
А. Акматалиев |