КАРООЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кароол айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XII сессиясы
2017-жылдын 4-ноябры № 12/9
Кароол айыл аймагындагы Мырза-Арык айылындагы жаӊы көчөгө аттарды ыйгаруу менен ысымдарды түбөлүккө калтыруу жөнүндө
Кароол айыл аймагындагы Мырза-Арык айылындагы көчөлөргө аттарды ыйгаруу менен ысымдарды түбөлүккө калтыруу жөнүндөгү маселе Кароол айылдык кеӊешинин Кароол айыл аймагындагы топонимика жана атын түбөлүккө калтыруу боюнча убактылуу комиссиясында каралып, алардын талкуусунун негизинде түзүлгөндүгүн эске алып, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Мыйзамынын 31-берен есинин 1-пунктуна, Кароол айылдык кеӊешинин Регламентине жана “Кароол айыл аймагындагы топонимика жана атын түбөлүккө калтыруу боюнча комиссия жөнүндөгү Жобого” ылайык Кароол айылдык кеӊешинин кезектеги 12- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Мырза-Арык айылынындагы жаӊы көчөгө эмгек ардагери маркум Өмүрзаков Гуламдын ысымын түбөлүккө калтыруу максатында ыйгарылсын (Акматалиев Мирбектин үйүнөн Самиев Каныбектин үйүнө чейин).
2.Көчөнүн атын ыйгарууга каралуучу каражаттар көчөгө аты коюлган адамдардын тууган-уруктарынын эсебинен чыгымдалсын жана көчөнүн тазалыгына ж.б. көз салуу аларга тапшырылсын.
3. Ыйгарылуучу атоолорду мамлекеттик органдын тийиштүү аймактык бөлүгүндө каттоодон жана учеттон өткөрүү боюнча иш алып баруу Кароол айыл өкмөтүнүн башчысы А.С.Мурзабековго жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө “Регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясына” (Т.Асиев.) тапшырылсын.
Төрага |
А. Акматалиев |