Загрузка документа…
ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 7-январы № 1
Чоӊ-Алай айылдык кеӊешинин төрагасын шайлоо жөнүндө
Чоӊ-Алай айылдык кеӊешинин төрагасын шайлоо үчүн жашыруун добуш берүүнү уюштуруп өткөрүү боюнча эсептөө комиссиясынын № 1 протоколунун негизинде Чоӊ-Алай айылдык кеӊешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Чоӊ-Алай айылдык кеӊешинин эсептөө комиссиясынын № 1 токтомуна ылайык көпчүлүк депутаттарынын добушун алгандыгына байланыштуу депутат Маматназаров Ниязбек 11 добуш менен Чоӊ-Алай айылдык кеӊешинин төрагасы болуп дайындалсын. (тиркеме тиркелет)
Төрага | А. Бөрүбаев |
Чоӊ-Алай айылдык кеӊешинин эсептөө комиссиясынын
протоколу № 1
Дароот-Коргон айылы 7-январь 2017-жыл
Күн тартибинде каралуучу маселе:
Чоӊ-Алай айылдык кеӊешинин төрагасын шайлоо жөнүндө.
Комиссиянын заседаниесине эсептөө комиссиясынын төмөнкү мүчөлөрү катышты.
1. А. Карыбеков
2. А. Абдуллаев
3. Т. Жайчибеков
Комиссиянын төрагасы А.Карыбеков шайлоого 21 депутат катышкандыгы тууралуу жана АШК тарабынан 21 бюллетен берилгендиги тууралуу токтолуп шайлоону баштай тургандыгына токтолду.
Чоӊ-Алай айылдык кеӊешинин төрагасына төмөнкү талапкерлер катталды.
1. Д. Молдоболотов
2. Н. Маматназаров
Шайлоонун жыйынтыгында 21 депутат шайлоого катышып шайлоо өткөрүлүп шайлоонун жыйынтыгында Д.Молдоболотовго 10 добуш ал эми Н.Маматназаровго 11 добуш берилди.
Эсептөө палатасынын жалпы чогулушу
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Шайлоонун жыйынтыгы менен Н.Маматназаров 11 добуш менен Чоӊ-Алай айылдык кеӊешинин төрагасы болуп дайындалсын.
2. Ушул эсептөө комиссиясынын № 1 протоколун бекитип берүү жагы Чоӊ-Алай айылдык кеӊешинен суралсын.
Эсептөө комиссиясынын төрагасы А. Карыбеков
Эсептөө комиссиясынын катчысы Т. Жайчибеков
Эсептөө комиссиясынын мүчөсү А. Абдуллаев