Загрузка документа…
ЧОӉ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 22-февралы № 1
Чоӊ-Алай айыл өкмөтүнүн 2016-жылда калган калдыктарды 2017-жылдын бюджетине өткөрүү жөнүндө
Чоӊ-Алай айыл өкмөтүнүн ФЭБунун башчысы Т.Эсенбаевдин 2016-жылдан калган калдыктарды 2017-жылга өткөрүү жөнүндөгү сунушу боюнча долбоорун депутаттар карап талкуулап Чоӊ-Алай айылдык кеӊешинин 6-чакырылышынын депутаттарынын 3-сессиясынын кезектеги отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Чоӊ-Алай айыл өкмөтүнүн 2016-жылдан калган 6565579 сом 55 тыйын 2017-жылдын бюджетине өткөрүлүп берилсин жана төмөнкүдөй болуп бөлүнүп жумшалсын
- аппаратка 6433624 сом 77 тыйын
- спец.аппаратка 50726 сом 78 тыйын
-спец.бала бакчаларга 81228 сом
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Н. Маматназаров |