Загрузка документа…
ЧОӉ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 22-февралы № 2
Чоӊ-Алай айыл өкмөтүнүн 2017-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө
Чоӊ-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Жайчибеков Тайирбек Аскаровичтин жана ФЭБунун башчысы Т.Эсенбаевдин айыл өкмөттүн 2017-жылга карата бюджети боюнча долбоорлорун депутаттар карап чыгып талкуулап Чоӊ-Алай айылдык кеӊешинин 6-чакырылышынын депутаттарынын 3-сессиясынын кезектеги отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Чоӊ-Алай айыл өкмөтүнүн 2017-жылга карата бюджетинин киреше бөлүгү 28570,6 сом, мындан сырткары 2016-жылдан калган калдык 6565579 сом 55 тыйын акча каражаты 2017-жылдын бюджетинин киреше бөлүгүнө кошулуп жалпы 35136179 сом болуп бекитилип бюджеттин чыгаша бөлүгүнө төмөнкүдүй бөлүнүп жумшалсын.
Чыгаша бөлүгү
- аппаратка 17731595 сом
- мектептерге 6968460 сом
-бала бакчаларга 9260624 сом
-китепканаларга 611000 сом
-клубтарга 564500 сом.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына
Төрага |
Н. Маматназаров |