Загрузка документа…
ЧОӉ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 22-февралы № 6
Чоӊ-Алай токойчулугунун башчысы К.Жапаровдун сунушун кароо жөнүндө
Чоӊ-Алай токойчулугунун башчысы К.Жапаровдун сунушун Чоӊ-Алай айылдык кеӊешинин алтынчы чакырылышынын депутаттарынын 3-сессиясынын кезектеги отуруму карап талкуулап Чоӊ-Алай айылдык кеӊешинин 6-чакырылышынын депутаттарынын 3-сессиясынын кезектеги отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Чоӊ-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын 1997-жылдын 10-сентябрындагы № 44 сандуу токтому менен мурдагы колхоз совхоздор пайдаланылып жүргөн Текелик участкасындагы бадал баскан жерлер токой чарбасына берилген бүгүнкү күндө жергиликтүү калктын муктаждыгын чечүү үчүн Текелик участкасынан берилген жерлер айыл өкмөткө кайтарылып алынып ордуна Муз-Жылга,
2. Кара-Суур жана Таш-Жайлоо участкаларынан жер аянтарын берүү сунушу боюнча айыл өкмөт, токой чарбасы менен бирдикте жумушчу комиссиясын түзүп жер участкаларынын экспликациясын жана картасын тактап Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарына ылайык иш-кагаздарын даярдоо жагы Т.Жайчибековго жана Ж.Жапаровго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
Н. Маматназаров |