Загрузка документа…
ЫНТЫМАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 26-майы № 6
ПРООН тарабынан каржыланган Таза суу жана жарыктандыруу долбоорлорунун сметасын бекитип берүү жөнүндө
Ынтымак айылдык кеңешинин сессиясынын күн тартибиндегиПРООН тарабынан каржыланган Таза суу жана жарыктандыруу долбоорлорунун суммасын бекитип берүү жөнүндөгү маселени карап жана талкуулап чыгып айылдык кеӊеш
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. ПРООН тарабынан каржыланган Арык-Бою жана Ынтымак айылдарынын Таза суу системасын реконструкциялоого 976 345 сом, жана Ынтымак айылындагы Шамшидин көчөсүнөн Арык-Бою айылындагы Э. Саитов көчөлөрүнө түнкү жарыктандырууга 821 708 сом суммалары бекитилсин
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ынтымак айыл өкмөтүнүн башчысы Н. Жоробековко милдеттендирилсин
Төрага | А. Абдикулов |