Загрузка документа…
КАРАГУЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 17-ноябры № 9/2
Карагуз айыл аймагы биргелешкен муниципалдык таза суу ишканасын уюштуруп түзүү жөнүндө
Карагуз айыл окмотүнүн башчысы Т. Жумаев элди таза суу менен камсыз кылуу максатында Кара-Кочкор,Кара-Кулжа,Карагуз жана Ылай-Талаа айыл аймактары биргелешкен муниципалдык ишканасын түзүү боюнча маалыматын угуп жана талкуулап депутаттардын Карагуз айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Карагуз айыл аймагынын элин таза суу менен камсыз кылуу максатында биргелешкен муниципалдык таза суу ишканасы уюштурулсун.
2. Биргелешкен муниципалдык ишкананын керектүү документтерин даярдоо жагы Карагуз айыл окмотүнүн башчысы Т. Жумаевге милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын козомолдоо жагы Карагуз айылдык Кенешинин мыйзамдуулук,укук тартиби, мандат, Кенештердин иштери, депутаттык этика,коомдук уюмдардын,саясий партиялардын жана дин иштери боюнча туруктуу мыйзамдуулук, регламент жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
С. Оморов |