Загрузка документа…
КАРАГУЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 23-декабры № 10/2
Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн аймагындагы жайыт комитетинин 2017-жылдагы аткарылган иштери жана 2018-жылга карата иш милдеттери жөнүндө
Депутаттардын Карагуз айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн аймагындагы Жайыт комитетинин 2017-жылдагы аткарылган иштери айрым кемчиликтери менен канааттандыраарлык деп белгиленсин.
2. Кара-Гуз айыл окмотүнүн аймагындагы Жайыт комитетинин 2018-жылга карата иш милдеттери берилген маалыматка ылайык бекитилсин.
3. Кара-Гуз айыл окмотүнүн аймагындагы Жайыт пайдалануучулардан алынуучу салыктардын олчомү томондогүдой болуп бекитилсин.
1 баш жылкыга 60 сом
1 баш ири мүйүздүү малга 60 сом
1 баш кой-эчкиге 10 сом
4. Сырттан келген малдардан алынуучу салыктын олчомү томондогүдой болуп бекитилсин
1 баш жылкыга 100 сом
1 баш ири мүйүздүү малга 100 сом
1 баш кой-эчкиге 50 сом
5.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Депутаттардын Карагуз айылдык Кенешинин социалдык-маданий, билим берүү, спорт,миграция, туризм,саламаттыкты сактоо,комуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери,социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жана Карагуз айыл өкмөтүнүн башчысы Т. Жумаевге тапшырылсын
Төрага | С. Оморов |