Загрузка документа…
ЖАЗЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 4-майы № 46/12
Жайыттарды натыйжалуу пайдалануу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жонундо” мыйзамынын 4 беренесинин ненизинде Жайыт жерлерин натыйжалуу пайдалануу максатында, Жайыттарды натыйжалуу пайдалануу жөнүндө Айыл чарба маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т. Мырзаевдин маалыматын угуп жана талкуулап Жазы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жазы жайыт комитетинин жайыт жерлерин Төрт-Көл жайыт комитети менен талаш маселени жандандыруу документтерин тиешелүү органдарга тапшырып бир айлык мөөнөттүн ичинде айылдык Кеңешке жазуу жүзүндө маалыматын берүү айыл өкмөтүнүн юристи К.Султановго жүктөлсүн.
2. Жакынкы жайыттарга мыйзамсыз курулган курулуштарды тактап чара көрүү айыл өкмөтүнүн юристи К.Султановго тапшырылсын.
3. Жайлоого чыккан малдардын санын тактоо боюнча төмөндөгүдөй комиссиянын курамы түзүлсүн жана жайлоого чыгып малдардын санын тактоо милдеттендирилсин.
Комиссиянын курамы:
1.Т. Мырзаев- айылдык кеңештин депутаты
2.Б. Айтбаев –жайыт комитетинин башчысы
3.А. Акжолов- айылдык кеңештин депутаты
4.А. Исаков- айылдык кеңештин депутаты
5.А. Дыйканбаев-айылдык кеңештин депутаты
6.Б. Жанибеков -айылдык кеңештин депутаты
7.Б. Айтиев –айылдык кеңештин депутаты
Төрага | Ж. Акматов |