Загрузка документа…
ЖАЗЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 4-майы № 49/12
Таштанды таштоо үчүн айылдарга атайын жайларды бөлүп берүү жөнүндө
Айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча башкы адиси А.Балтабаевдин таштанды ташталып жаткан ямаларга документтер жок болгондуктан жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Ош аймактык башкармалыгынын 02.04.2018-жылдагы №02/45 сандуу каты келип таштанды таштоочу жайларга документтерин жасоо боюнча милдеттендирилгендиги жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап Жазы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кызыл-Дыйкан айылына караштуу МТФ-2 участкасына союз мезгилиндеги чыктуу тоют көмүлүүчу чуңкуру аянты 1,0га жана Кара-Дыйкан айылынын түндүк тарабындагы топурак алынуучу карьери аянты 1,0га жалпы 2,0 га жер аянты таштанды таштоочу жай үчүн бөлүнүп берилсин.
2. Тиешелүү документтерди даярдоо айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча башкы адиси А.Балтабаевге тапшырылсын.
Төрага | Ж. Акматов |