Загрузка документа…
ЖАЗЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 4-майы № 52/12
Жазы жайыт комитетине АРИС программасы аркылуу алынган тракторду эксплуатациялоо жана механизатор тандап алуу боюнча конкурс өткөрүү ЖОБОлорун бекитүү жөнүндө
Жазы айылдык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жазы жайыт комитетине АРИС тарабынан алынган Белорус МТЗ 892,2 эксковатор бульдозер тракторун эксплуатациялоо жөнүндө Жобосу жана Механизаторду тандап алуу боюнча конкурсту өткөрүү жөнүндө Жобосу бекитилсин.
Төрага | Ж. Акматов |
«Бекитемин»
____________айылдык кеңешинин төрагасы
__________________________колу ФАА
№____ “____”________________
Беларус МТЗ 892,2 эксковатор бульдозер тракторун эксплуатациялоо жөнүндө
ЖОБО
Ушул жобо Беларус МТЗ 892,2 эксковатор бульдозер тракторун пайдалануу тууралуу жобо болуп эсептелет, (мындан ары Жобо) Жобо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, жайыт пайдалануучулар бирикмесинин Уставына жана коомчулуктун жайытты башкаруу планына негиз жогоруда аталган техниканы максатка ылайык пайдалануу үчүн иштелип чыгылган.
I. Жалпы жоболор
Айыл өкмөтү алынган техниканы АРИС, айылдык кеңеш, айыл өкмөтү жана жайыт комитетинин ортосунда түзүлгөн алкактык келишимге негиз жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен өз балансына кабыл алат.
Беларус МТЗ 892,2 эксковатор бульдозер тракторун эксплуатациялоо жана пайдалануу тартиби (мындан ары атайын техника), Айыл өкмөттүн муниципалдык менчигиндеги атайын техниканы, Жайыт комитетинин оперативдүү башкаруусуна берилүүсү өткөрүлгөн конкурстун жыйынтыгына ылайык механизатор менен түзүлгөн келишимге негиз жүргүзүлөт.
Атайын техниканы эксплуатациялоону пайдалануу боюнча укугун өткөрүп берүү жана анын мөөнөттүн белгилөө жайыт комитетинин жана айыл өкмөтүнүн ортосундагы түзүлгнө келишим негиз болот.
Атайын техника айыл аймагынын аймагында жана ага жакын турган айылдарда пайдаланылат жана төмөндөгү Жайытты башкаруу планында жана жылдык планда белгиленген жумуштарды жана комерциялык кызматтарды көрсөтөт. Жайытты башкаруу планында белгиленген иш-чаралар:
Жайыт жолдорун оңдоо;
Өтмөк жолдорду жана көпүрөнү оңдоо;
Топурактын эрозияга учуроо коркунучу бар жерлердеги дамбалардын жеектерин бекемдөө;.
Тоют камдоо максатында ички чарбалык арыктарды, дренаждарды жана каналдарды тазалоо;
Жогоруда белгиленген планда көрсөтүлгөн жана башка айыл өкмөтүнүн жана жайыт комитетинин бюджетинен каржыланган иш-чараларды аткарууга колдонулат;
Комерциялык кызматтар буюртмачынын кайрылуусуна негиз аткарылуучу жумуш техника аткаруучу жумушка туура келсе көрсөтүлөт. Көрсөтүлгөн кызматка акы төлөө жайыт комитети тарабынан иштелип чыгылган жана айылдык кеңеште бекитилген кызмат көрсөтүү тарифине негиз төлөнөт. (тиркеме №1).
Атайын техниканы эксплуатациялоодо жайыт комитети техникалык коопсуздук, экологиялык жана санитардык нормаларды сактоо менен ушул жобону жетекчиликке алат.
Механизатор, мехинизаторды тандап алуу боюнча өткөрүлгөн конкурстун жыйынтыгына негиз тандалып алынат. (Тиркеме №2).
Атайын техниканы эксплуатациялоо боюнча келип чыккан талаш-тартыш маселелер аксакалдар сотунун отурумунда жайыт комитетинин жана текшерүү комиссия мүчөлөрүнүн, айыл өкмөтүнүн башчысынын катышуусунда чечилет.
2. Тараптардын милдеттери:
Кыргыз Республкасынын мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен атайын техниканы башкаруу жана тейлөө боюнча персоналдын сандык жана сапаттык курамын аныктайт;
атайын техниканын иштөө графигин иштеп чыгат жана ЖПБ мүчөлөрүнө жеткирет;
атайын техниканы пайдалануу менен аткарылган жумуштардын эсебин алат;
көрсөтүлгөн коммерциялык кызматтар үчүн алынган каражаттарга финансалык документерди берүүгө (чек/киреше ордердин квитанциясы ж.б.) жана алынган, жумшалган каражаттардын финансалык эсебин алууга;
айыл өкмөтүнүн жана жайыт комитетинин бюджетинен каржыланган жумуштар боюнча финансалык отчетторду берүүгө;
техниканы кармоону ветеринардык, экологиялык жана санитардык нормаларды, техниканы башкаруучу персоналдын техникалык коопсуздугун сактоо менен кармоо;
эксплуатациялоо боюнча кабыл алынган чечимдердин жана түзүлгөн келишимдин талаптарын аткаруу;
тиешелүү мамлекеттик органдардын жана ЖӨАБО корутунду сунуштарын аткарууга алуу;
Атайын техниканы эксплуатациялоо боюнча мониторинг жана баалоо иш чараларын жүргүзүү үчүн талап кылынган документерди ЖӨАБО, донорлорго керектүү документерди берүү;
Даярдаган _______________ЖК
төрагасы___________________
_____________________(колу)
“___”___________201___ ж.
Тиркеме №2
«Бекитемин»
___________ айылдык кеңешинин төрагасы
___________________________колу ФАА
№____ “____”________________
Механизаторду тандап алуу боюнча конкурсту өткөрүү жөнүндө
ЖОБО
Ушул жобо, механизаторду туура тандап алуу боюнча өткөрүлүүчү конкурстун жобосу болуп эсептелет (мындан ары Жобо) Жобо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, жайыт пайдалануучулар бирикмесинин Уставына жана коомчулуктун жайытты башкаруу планына негиз жогоруда аталган техниканы максатка ылайык пайдалануу үчүн иштелип чыгылган.
1. I. Жалпы жоболор
1.1. Комиссия курамын түзүү: комиссия курамы 5-7 сандагы кишилердин курамынан турат, комиссия курамына ЖК жана АӨ өкүлдөрү милдетүү киргизилиши керек. Комиссия АӨ буйругуна негиз түзүлөт.
1.2. Конкурс иштелип чыгылган критерийлерге негиз өткөрүлөт.
Механизатор төмөндөгү базалык талаптарга ылайык келиши керек:
1) Механизаторлук кесиби боюнча билимге ээ болуу.
2) Атайын техника менен иштегендиги боюнча 3 жылдан кем эмес иш тажрыйбасынын болуусу.
3) Кеминде 3 адамдын сунуш каты.
4) Атайын техниканы кармоого гаражга ээ болуусу;
5) Атайын техниканы ремонтоо боюнча жөндөмгө ээ болуусу;
6) Ден соолугунун чыңдыгы боюнча Ф 86У справкасы;
7) Жеке ишкердикти жүргүзүүсү боюнча күбөлүгүнүн жана патентинин болуусу, камсыздандыруу полисинин болуусу өзгөчөлүк катары бааланат.
Критерии | Баллы | % |
Механизаторлук кесиби боюнча билимге ээ болуу | 20 | 20 |
Атайын техника менен иштегендиги боюнча иш тажрыйбасы 3 жылдан кем эмес 5 жылдан кем эмес Жана андан жогору | 40
25 35 40 | 40 |
Атайын техниканы кармоого гаражга ээ болуусу | 10 | 10 |
Ден соолугунун чыңдыгы боюнча Ф 86У справкасы | 20 | 20 |
Жеке ишкердикти жүргүзүүсү боюнча күбөлүгүнүн жана патентинин болуусу | 10 | 10 |
Баары | 100 | 100% |