Загрузка документа…
МИРМАХМУДОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 20-ноябры № 33-1
Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын бюджетин киреше жана чыгашалырын планын тактоо жөнүндө
Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Ш.Гаффаровдун жергиликтүү бюджети боюнча маалыматын угуп, талкуулап чыгып депутаттардын сунушун эске алуу менен Мирмахмудов айылдык кеңешинин бюджет экономика соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып чыгылган. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү мыйзамынын 27-статьясынын 5-пунктуна ылайык Мирмахмудов айылдык кеңешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2016-жылдык киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүүлөр киргизилсин.
2. 2016-жылдын киреше бөлүгү 2708,0 миң сомго көбөйтүрүлсүн. Чыгаша бөлүгү аппарат разделине 1308,0 миң сом, экономикалык маселелер разделине 300,0 миң сом, ЖКХ разделине -1100,0 миң сомго бардыгы болуп чыгаша жагы 2708,0 миң сомго көбөйтүрүлүп өзгөртүлсүн.
3. Ушул токтомдун мыйзам негизинде аткарылышын Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Гафаров жана ФЭБ башчысы Ш.Гаффаровторго тапшырылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмолдөө жагы Мирмахмудов айылдык кеңешинин төрагасы жана А.Мирмахмудов атындагы айылдык кеңешинин бюджет, экономика айыл суу чарба, жерге жайгаштыруу жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Н.Халбуваев |