Загрузка документа…
ЖАЗЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 4-майы № 54/12
Жазы айыл өкмөтүнүн айылдарына вет.сервис, вет.аптека, раскол жана яма беккер курууга жер бөлуп берүү жөнүндө
Айыл өкмөтүнүн вет.инспектору Э. Абдукадыровдун Жазы айылына вет.сервис, вет.даарыкана, раскол, жана Кызыл-Дыйкан айылына яма беккер курууга жер бөлүп берүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап Жазы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жазы айылынын күн чыгыш тарабында жана Кара-Дыйкан каналынын түндүк тарабында жайгашкан союз мезгилинде жылкы, мал кармалуучу эки сарайдын ортосунда бош турган 0.10га жер тилкесин ветеринардык сервис, ветеринардык даарыкана, кара малдарды жасалма жол менен уруктандыруучу пункт жана раскол куруу үчүн бөлүнүп берилсин.
2. Кызыл-Дыйкан айылынын баш жагындагы жана Кара–Дыйкан каналынын түндүк тарабында жайгашкан бош турган 0,015га жер тилкеси яма беккер куруу үчүн бөлүнүп берилсин.
Төрага | Ж. Акматов |