Загрузка документа…
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 9-февралы № 13/7
Жошолу айыл өкмөтүнүн Миязды айылында туулган Жошолу айыл өкмөтүнүн жана Алай районунун “Ардактуу атуулу”, Кыргыз Республикасынын жазуучулар Союзунун мүчөсү, Кыргыз Республикасынын маданиятынын мыктысы, маркум Нурдинов Алмаздын ысмын Миязды айылындагы чоң көчөгө берүү жөнүндө
Жошолу айыл өкмөтүндөгү Миязды айылынын жалпы элдик жыйынынын 2017-жылдын 27-октябрындагы № 12 протоколун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Жошолу айылдык кенешинин VI чакырылышынын XIII заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жошолу айыл өкмөтүнүн Миязды айылында туулган Жошолу айыл өкмөтүнүн жана Алай районунун “Ардактуу атуулу”, Кыргыз Республикасынын жазуучулар Союзунун мүчөсү, Кыргыз Республикасынын маданиятынын мыктысы, маркум Нурдинов Алмаздын ысмын Миязды айылынын чоң көчөсүнө берүү жөнүндө Миязды айылынын жалпы элдик жыйынынын 2017-жылдын 27-октябрындагы № 12 протоколу жактырылсын. (27. 010.2017-ж. № 12 протоколу тиркелет).
2. Миязды айылынын башталышы Садиев Акназардын үйүнөн баштап Эгембердиев Акылбектин үйүнө чейин жалпы элдик жыйындын чечиминин негизинде “ Нурдинов Алмаз атындагы көчө” наамы берилсин.
3. Көчөгө “Нурдинов Алмаз атындагы көчө” наамын берүү жөнүндөгү айылдык кенештин чечими тийиштүү уюмдарга жана мекемелерге билдирилсин жана каттоодон өткөрүп берүү жагы суралсын.
4. “Нурдинов Алмаз атындагы көчөнүн” техникалык жана башка абалы боюнча кам көрүүнү камсыздоо жагы айыл өкмөттүн башчысына тапшырылсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | З. Боронов |
Жошолу айыл өкмөтүнүн Мияды айылынын элдик жыйынынын
ПРОТОКОЛУ
27-октябрь 2017-ж. № 12 Миязды айылы
Жыйындын төрагасы: Кыдыров Н. – айыл тургуну
Катчысы: Таирова М. – айыл тургуну
Жыйынга журналисттер Союзунун мүчөсү Эгемкулов Давут, Кыргызстан журналисттер союзунун мүчөсү, Кыргыз Туусу газетасынын түштүк аймагы боюнча кабарчысы Абдыразаков Төлөнбай, Жамшитов Шаң - Гүлчө айылынын тургуну, бардыгы 98 адам катышты.
Күн тартиби:
Жошолу айыл өкмөтүнүн Миязды айылынын тургуну, Алай районунун «Ардактуу атуулу», Кыргызстан жазуучулар Союзунун мүчөсү, Ош облусттук жазуучулар Союзунун башчысы, КРнын маданиятынын отличниги , маркум Алмаз Нурдиновдун ысмын Миязды айылындагы чоң көчөгө берүү жөнүндө
Угулду:
Күн тартибиндеги маселе боюнча жыйындын төрагасы Н.Кыдыров чыгып сүйлөдү:
Урматтуу жолдоштор жана облустан келген жыйындын катышуучулары, агабыз Алмаз Нурдиновдун ысмын айылдагы чон көчөгө коюу боюнча көптөгөн атуулдардан сунуш түшкөндүктөн, ушул жылдыкты белгилөө менен бирдикте жана бүгүн 27-октябрь туулган күнүндө жыйын өткөрүүдөбүз. Маркум бүгүн 60 жашка чыкмак. Анда эмесе сөздү айыл аксакалы, айылдын тургуну Аканов Жаманкул агабызга берели.
Аканов Жаманкул:
Кыргыз тарыхында этникалык оогандык кыргыздардын оор турмушун чагылдырып, 1998-жылы бийлик башындагыларга көчүрүп келүү маселесин козгогон Алмаз болгон. Алмаз Советтер Союзунун баатыры Калыйнур Үсонбеков менен бирдикте ошол убактагы президент А.Акаевге чейин кирген жана оогандык кыргыздардын жетекчилерин Ош облусуна алып келген, 5-6 күн эл менен таанышып кетишкен. Бул суйлошүүлөрдү Алмаз уюштуруп, заставанын начальниги ж.б. аттуу-баштуу кишилер менен кошо жүргөн. Атын чон көчөгө берүү бул биздин милдетибиз.
Эл агартуунун отличниги, ардагер мугалим Таирова Мейликан:
Алмаз кыргыздын патриот жигиттеринен болгон. Ал эн алгачкы жолу оогандык кыргыздарга 1989-жылы Советтик экспедиция менен барган, ошондон бери, алар жөнундө 3 китеп жазды. Ал эле эмес Туркиядагы Ван аймагында жашаган кыргыздарга да эки жолу барып келген. Алардын турмуштарын облусттук, республикалык гезиттерге жарыялап турган. Бул тарыхчы да болгон. Атын чон көчөгө коюуга татыктуу инсан.
Кожалиев Мойдун мектептин техникалык кызматкери:
Биз Алмаз аганын басып өткөн жолдорун жакшы билебиз. Кийинки муундарга үлгү боло турган инсан эле, көчөгө атын коюуга эмнеге болбосун, колдоп берели.
Абдылдаева Гүлнар - айылдын тургуну, пенсионер:
Алмаз Нурдиновдой жөнөкөй жана патриот жигиттер чанда жолугат. Биз анын атын чон көчөгө койбосок башка элдер арасында уят. Каршы эмеспиз.
Шамырбеков Кенеш - аксакалдар кенешинин мүчөсү, ажы:
Алмаз Нурдинов бул Кыргызстанга аты таанылган инсан, ошондуктан туулуп өскөн айылынын чон көчөсүнө ысмын берүү демилгеси туура болгон деп эсептейм.
Аканов Алмаз - Миязды айылынын тургуну:
Ушул чон көчөгө Алмаз Нурдиновдун ысмын коюу туура болот деп эсептейм. Маркум кыргыздын патриот жигиттеринин бири эле.
Турдубаев Ташболот - эмгек ардагери:
Каршы эмеспиз колдойбуз, жогоруда сүйлөгөн жолдоштордун сөзүнө кошулам.
Исмаилова Чынар - айыл тургуну: Агабыз Алмаздын атын өчүрбөй көчөгө коюуга сиздерди үндөп кетем, айылдаштар!
Эгемкулов Давут - КРнын журналисттер союзунун мүчөсү:
Урматтуу Алмаз Нурдиновдун жердештери! Биз Алмаздын дүйнөдөн кайтыш болгонуна бир жыл болгонун жана тирүү болсо бүгүн 27-октябрь 2017-жылы 60 жашка толгонун сиздер менен бирдикте белгилеп коюу үчүн келдик. Алмаз менен сиздер сыймыктанышыныздар керек. Ал улуу инсандардын катарына кирет. Анын ысмы бир гана Миязды айылында эмес Ош шаарынын көчөлөрүнүн бирине да коюлат. Ага биз ишенебиз. Ал ошого татыктуу жигит болгон, рахмат сиздерге.
Абдыразаков Төлөнбай - Кыргызстан журналисттер союзунун мүчөсү, Кыргыз Туусу газетасынын түштүк аймагы боюнча кабарчысы:
Ассалоому алейкум туугандар, бүгүн Алмаз тирүү болгондо 60 жашка чыкмак. Биз Алмаздын кайтыш болгонуна 1 жылдыгын белгилеш үчүн келдик. Ушул жигиттин атын өзү туулган айылдын бир чон көчөсүнө ысмы коюлушуна биз тилектешпиз. Мен бул инсанды 45 жылдан бери билем. Анын өзгөчө эмгеги оогандык боордошторду бооруна тарткан гумандуу жигит эле, бирок тилекке каршы оогандык боордоштордун Кыргызстанга келгенин ал көрбөй кетти. Ал ошол кишинин эмгегинин үзүрү болчу. Алмаздын тилеги 28 жылдан кийин ишке ашты. Анын жасаган эмгегине анын көзү өткөндөн кийин ар ким автор болуп жүрүшөт. Алмаз тарых изилдөөчү болгон. КРнын маданиятынын отличниги болгон. Тарыхта анын орду бар, эч качан унутулбайт. Рахмат укканыныздарга.
Жамшитов Шан - Гүлчө айылынын тургуну:
Мияздылык туугандар рахмат сиздерге, ушинтип демилге көтөрүп, өзүнүздөрдүн ак ниет, чыгаан жигитти колдогонунуздар үчүн. Алмаз агабыздын чынында кыргыз тарыхында өзүнүн орду бар инсан.
Жогорудагылардын негизинде Миязды айылынын жалпы жыйыны
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Миязды айылынын тургуну маркум Нурдинов Алмаздын наамын Миязды айылындагы башкы көчөгө берүү жагы белгиленсин.
2. Көчө «Нурдинов Алмаз атындагы көчө» наамын бекитип берүү жагын Жошолу айылдык кенешинин сессиясында кароо жагы айылдык кеңештин заседаниесине сунушталсын.
Чогулуштун башчысы Кыдыров Н.
Катчысы Таирова М.