Загрузка документа…
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 9-февралы № 13/8
Жошолу айыл өкмөтүнүн Коммунизм айылынын тургуну Абдуллаев Амирбектин ысмын өзү жашаган көчөгө берүү жөнүндө
Жошолу айыл өкмөтүндөгү Коммунизм айылынын жалпы элдик жыйынынын 2017-жылдын 19-сентябрындагы № 7 протоколун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Жошолу айылдык кенешинин VI чакырылышынын XIII заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ
Коммунизм айылынын тургуну маркум Абдуллаев Амирбектин ысмын Жал-Камыш айылындагы көчөгө берүү жөнүндө Коммунизм айылынын жалпы элдик жыйынынын 2017-жылдын 19- сентябрындагы “Абдуллаев Амирбек атындагы көчө” деген ысым берүү жөнүндөгү № 7 протоколу жактырылсын ( 19. 09.2017-ж. № 7 протокол тиркелет).
Коммунизм айылындагы Абдуллаев Амирбектин айылындагы көчөгө жалпы элдик жыйынынын чечиминин негизинде “Абдуллаев Амирбек атындагы көчө” наамы берилсин.
Көчөгө “Абдуллаев Амирбек атындагы көчө” наамын берүү жөнүндөгү айылдык кенештин чечими тийиштүү уюмдарга жана мекемелерге билдирилсин жана каттоодон өткөрүп берүү жагы суралсын.
“Абдуллаев Амирбек атындагы көчөнүн” техникалык жана башка абалы боюнча кам көрүүнү камсыздоо жагы айыл өкмөттүн башчысына тапшырылсын.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | З. Боронов |
Жошолу айыл өкмөтүнүн Коммунизм айылынын Жал-Камыш участкасынын жалпы жамаатынын жыйынынын
ПРОТОКОЛУ
19.09.2017-ж. № 07 Жаны-турмуш айылы
Жыйындын башчысы: Кубат уулу Каныбек – Коммунизм айылынын тургуну
Жыйындын катчысы: Абдылдаев Б - Коммунизм айылынын тургуну
Жыйынга катышканадар 32 адам
Күн тартибинде каралуучу маселе:
Жал-Камыш айылына Абдуллаев Амирбектин атын көчөгө коюуну сунуштоо жөнүндө
Айыл аксакалы Саитов Кочкор төмөндөгүлөргө токтолду:
Урматтуу бүгүнкү жыйындын катышуучулары Абдуллаев Амир аксакал 2 жолку согуштун катышуучусу жана көп жерлерде жогорку кызматтарда иштеген. Ошондуктан толук кандуу көчөгө атын койгонго татыктуу.
Айылдык кенештин депутаты Б.Абдылдаев:
Урматтуу айыл тургундары абабыз Абдуллаев Амирбек 1924-жылы Кыз-Эмчек айылында жарык дүйнөгө келген. 1941-45-жылга чейин Улуу Ата Мекендик согушта болгон. 1943-жылы Украинадагы фронтто бутунан оор жаракат алып келип, 1945-жылы кайрадан Япониядан согушка чакырылып, 1946-жылы кайрадан ок тийип жарадар болуп келген. Андан кийин ошол эле жылы Төлөйкөн райондук комсомолунда 2-секретарь болуп иштеген. Эки жолу Кызыл-Жылдыз ордени менен сыйланган. 1948-жылы Чон-Алайда 1-секретарь, райком комсомолунун төрагасы болуп иштеген. Ошондон баштап чон кызматтарда иштеп, 1972-жылы Ош облусунун Алай гостиницасынын директору болуп иштеп пенсияга чыгып, “ Ардактуу атуул” наамына ээ болуп, 3 бөлмөлүү үй берип, эс алууга чыгарышкан. 2 уул 1 кыздын атасы. Ушундай ардактуу атуулдарга кандай каршы болобуз, көчөгө атын коюуга бир добуштан колдойбуз.
Алардын сөзүн айыл тургундары Токторбаев М, Кубат уулу Каныбек, Саитов Нурлан жана башкалар колдошту. Көпчүлүктүн колдоосу менен Абдуллаев Амирбектин аты Жал-Камыш көчөсүнө коюлуусун сунушташты. Жал-Камыш айылындагы көчө Абдуллаев Амирбектин атынан коюуну Жошолу айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Абдырахмановго сунуштоону суранышты.
Жогорудагыыларды угуп жана талкуулап жыйын
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жал-Камыш айылына көчөнүн аты Абдуллаев Амирбектин атынан коюу жагы сунушталсын.
2. Токтомду бекитип берүү жагы айыл өкмөттүн башчысы Т.Абдырахмановдон суралсын.
Жыйындын башчысы Кубат уулу Каныбек
Жыйындын катчысы Абдылдаев Бектемир