Загрузка документа…
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 26-марты № 14/1
Жошолу айыл өкмөтүндө жайыт комитетинин курамын кайрадан түзүү боюнча жайыт комитетинин мүчөлөрүнүн 2018-жылдын 23-мартындагы № 02 протоколун бекитүү жөнүндө
Жайыт комитетинин курамын кайрадан түзүү боюнча жайыт комитетинин мүчөлөрүнүн 2018-жылдын 23-мартындагы № 02 протоколун бекитүү жөнүндө Жошолу айылдык кенешинин VI чакырылышынын кезексиз ХIV заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жошолу айыл өкмөтүндө жайыт комитетинин курамын кайрадан түзүү боюнча 2018-жылдын 23-мартындагы № 02 протоколунун негизинде Назар уулу Акылбек жайыт комитетинин төрагасы болуп бекитилсин жана комитеттин курамы төмөндөгүдөй болуп түзүлсүн (№ 1 тиркеме жана № 02 протокол тиркелет).
2. Жайыт комитетине тиешелүү инвентарларды жана иш кагаздарын кабыл алуу боюнча комиссия түзүлүп , актынын негизинде өткөрүп берилсин.
3. Айыл аймагында жайыт комитети өз иш аракетин жайыт пайдалануучулар менен Кыргыз Республикасынын Жайыттар жөнүндө Мыйзамына жана айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин типтүү жобосуна ылайык иш алып барышсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы жайыт комитетинин төрагасы Назар уулу Акылбекке жана айыл өкмөтүнүн тийиштүү адистерине милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Абдырахмановго жүктөлсүн.
Төрага | З. Боронов |
Жошолу айылдык кеңешинин VI чакырылышынын
26-март 2018-жылдагы кезексиз ХIV заседаниесинин
№ 14/1 токтомуна № 1 тиркеме
Жошолу айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин курамы:
1. Назар уулу Акылбек -жайыт комитетинин төрагасы
2. Матаев Тоймамат - жайыт комитетинин эсепчиси
3. Алимжанов Нурлан -айылдык кеңештин депутаты
4. Абдырахманов Туратбек - айыл өкмоттун башчысы
5. Алымкулов Сүйүнбай -айыл өкмөттүн вет адиси
6. Шамшиев Маматкабыл - айылдык кеңештин депутаты
7. Кармышаков Кушубак - айылдык кеңештин депутаты
8. Аканов Алмаз -Миязды айылынын тургуну
9. Абдылдаев Бектемир -айылдык кеңештин депутаты
10.Бардык айыл башчылар
Төрага З. Боронов
Жошолу айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин мүчөлөрүнүн отурумунун
ПРОТОКОЛУ
23-март, 2018-жыл № 02 Жаңы-Турмуш айылы
Төрага: Шамшиев Маматкабыл –айылдык кеңештин депутаты
Катчы: Матаев Тоймамат - жайыт комитетинин эсепчиси
Катышкандар: Аппарат кызматкерлери жана жайыт комитетинин мүчөлөрү
Күн тартиби:
- Жошолу айыл аймагындагыжайыт комитетинин төрагасы Боронов Замирбек жумуштан бошогондугуна байланыштуу жайыт комитетине төрага шайлоо жөнүндө
Угулду:
Шамшиев М. – депутат: Биз бул отурумда жайыт комитетине жакшы иштеп алдыга жылдыра турган адамды шайлап алышыбыз айыл өкмөтү үчүн жакшы.Азыркы учурда Аканов Алмаз,Назар уулу Акылбектер кандидатураларын көрсөтүп жатышат, татыктуусун тандап алалы.
Кун тартибинде каралуучу 1-маселе боюнча жайыт комитетинин мүчөсү Т.Абдырахманов чыгып сүйлөп,төмөндөгүлөргө токтолду.
Жайыт комитети боюнча азыркы учурда ар кандай жакшы долбоорлор келип айыл аймагындагы жайыттарга туура пайдалануу боюнча иштер жүрүп жатат. Ошондуктан жайыт комитетинин төрагасы жумуштан бошогондугуна байланыштуу төрага шайлап алалы, азыркы учурда А.Аканов өз талапкерлигин кайтарып алды, андан кийинки талапкер Акыл Назар уулу коюп отурат,бул талапкер мурун Ленин-Жол айылында айыл башчы болуп иштеген , эл менен иштеше алат , жайыт төлөмдөрүн топтоо , жайыт жолдорун оңдоо сыяктуу иштерди аткара алат, ошондуктан сиздерге сунушум ушул талапкерди шайлап алалы.
Абдылдаев К. Аюу-Тапан айылынын айыл башчысы: - Мен жогорудугуларды угуп,талдап Назар уулу Акылбектин талапкерлигин колдойм.
Күн тартибиндеги маселени талкууга алып, жыйын
ЧЕЧИМ КЫЛАТ
1. Жошолу айыл аймагындагы жайыт комитетинин мүчөлөрүнүн отурумунун протоколунун чечими кабыл алынсын.
2. Жайыт комитетинин төрагасы болуп Ленин-Жол айылынын тургуну Назар уулу Акылбек щайлансын.
3. Чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырылсын.
Башчы Т. Абдырахманов