Загрузка документа…
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 28-апрели № 15/2
Элге ветеринардык кызмат көрсөтүү, жугуштуу оорулардын алдын алуу, малдарды идентификациялоо боюнча айыл өкмөттүн ветеринардык адисинин жана ветсервиcтердин жүргүзүп жаткан иши жөнүндө
Калкка ветеринардык кызмат көрсөтүү, жугуштуу жана жугушсуз оорулардын алдын алуу иштеринин абалын карап чыгып,Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 32,33-беренесине таянып Жошолу айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын ХV заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Элге ветеринардык кызмат көрсөтүү, жугуштуу жана жугушсуз оорулардын алдын алуу боюнча айыл өкмөттүн ветеринардык адисинин, ветсервистер тарабынан бир катар жумуштардын аткарылгандыгына карабастан кемчиликтердин кетирилгендиги белгиленсин.
2. Айыл башчыларга, вет.адиске :
-Айыл чарба малдарын ветеринардык байкоого алуу, жугуштуу ооруларга каршы эмдөөлөрдү өз мөөнөтүндө жүргүзүү;
-Айыл чарба малдарынын так эсебин алуу,байлоосуз жүргөн ит, мышыктарды атып жок кылуу, талапка ылайык утилизациялоо жагы милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын камсыздоо айыл өкмөттүн вет.адисине, ал эми көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин социалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | З. Боронов |