Загрузка документа…
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 28-апрели № 15/1
Айыл өкмөттүн аймагында жазгы талаа жумуштарынын жүргүзүлүшү, КБФнын жерлерин ижарага берүү боюнча тарифти бекитүү жөнүндө
Айыл өкмөттүн аймагында жазгы талаа жумуштарынын жүргүзүлүшү, КБФнын жерлерин ижарага берүу боюнча тарифти бекитүу жөнүндө маалыматты угуп жана талкуулап КРнын Жогорку Кеңешинин 2007-жылдын 29-июнундагы 31997-111 токтому менен бекитилген «КБФнын жерлерин ижарага берүү тартиби жана шарттары жөнүндөгү» типтүү жобого ылайык Жошолу айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын X V заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Айыл өкмөтүнүн жер адиси М.Топчубаевдин жазгы талаа жумуштарынын жүргүзүлүшү, айыл чарба жерлерин тактоо, КБФнын ижарага берилген жерлерин максаттуу пайдалануу боюнча маалыматынын негизинде бир катар жумуштардын аткарылгандыгы белгиленсин.
2. Кайра бөлүштүрүү фондунун тактоого зарыл болгон жерлерин 15 (он беш) күн мөөнөт ичинде тактатып чыгуу ишин бүтүрүү жагы айыл өкмөттүн башчысына тапшырылсын.
3.КРнын Жогорку Кеңешинин. 2007-жылдын 29-июнундагы 31997-111 токтому менен бекитилген «КБФнын жерлерин ижарага берүү тартиби жана шарттары жөнүндөгү» типтүү жобого ылайык 2016-жылга КБФнын чөп чабынды жерлери 5(беш),сугат жерлери 3(үч) жылдан кем эмес мөөнөт менен ижарага берилсин.
Баштапкы баасы 1 га кайрак жер үчүн - 400 сом.
Сугат жер үчүн - 1200 сом.
Чөп чабынды алыскы жер үчүн - 600 сом.
Жакынкы жер үчүн - 800 сом.
4.Токтомдун аткарылышын камсыздоо, конкурсту өткөрүү жагы айыл өкмөтүнүн жер адисине жана салык кызматкерине милдеттендирилсин, ал эми көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын .
Төрага | З. Боронов |