Загрузка документа…
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 28-апрели № 15/3
Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жөлөк пулдун чектелиши жөнүндө
Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жөлөк пулдун чектелиши жөнүндө айылдык кеңештин депутаты, социалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү Иманахунов Абдимажиттин маалыматын, соц. кызматкер Ж.Темирбаеванын отчетун угуп жана талкуулап Жошолу айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын ХV заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жошолу айыл өкмөтүнүн соц. кызматкери, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү аныктоо боюнча комиссиясы тарабынан айыл өкмөттө бир топ уюштуруучулук иштердин жүргүзүлгөндүгү менен бирге бир катар кемчиликтер бар экендиги белгиленсин.
2. Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө мамлекеттик жөлөк пулдарын чегерүүдө Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жөлөк пулдарды чектөө жөнүндөгү” Мыйзамына ылайык Алай райондук социалдык өнүгүү башкармалыгы менен бирге иш алып баруу, кызматтык милдеттерин так жана өз убагында аткаруу жагыайыл өкмөттүн соц. кызматкери Ж.Темирбаевага милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Төрага | З. Боронов |