Загрузка документа…
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 28-апрели № 15/4
Жошолу айылдык Кенешинин аймагындагы Коммунизм, Ленин-Жол, Жаңы-Турмуш, Миязды, Осоавиахим, Аюу-Тапан, Орто-Суу айылдарынын тургундарын жайлоого көчүрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жөнүндөгү» Мыйзамынын 2-беренесине таянып, Жошолу айылдык Кенешинин аймагындагы Ленин-Жол, Жаңы-Турмуш, Миязды, Осоавиахим, Аюу-Тапан, Орто-Суу айылдарынын тургундарын жайлоого көчүрүү боюнча Жошолу айылдык Кенешинин VI чакырылышынын ХV заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жошолу айылдык Кенешинин аймагындагы Коммунизм, Ленин-Жол Жаңы-Турмуш, Осоавиахим, Аюу-Тапан, Орто-Суу айылынын тургундары 05-майдан 20-майга чейин жайлоого көчүрүлсүн. Ал эми жайлоодон көчүп келүүсү 15-сентябрдан эрте эмес белгиленсин.
2. «Жайыт жөнүндө» мыйзамдын негизинде элди жайлоого көчүрүү, ошону менен бирге алыскы жайлоону пайдалануу, айылдарда пада уюштуруу жайлоого көчүрүү жагын тездетүү жана айылдардагы чөп орунду жерлерди кайтарууга кароол дайындоо жагы бардык айылдын айыл башчыларына милдеттендирилсин.
3. Жайыттын төлөмү ар бир бодо малга 50 (элүү) сом, кой-эчкиге 10 (он) сом, ал эми сырттан келген ар бир бодо малга 100 (жүз) сом, кой-эчкиге 20 (жыйырма) сом болуп белгиленсин. Баш ийбеген бадачылар, жарандар экотехинспекцияга билдирилип, мыйзам чегинде жазана салуу жагы каралсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жошолу айыл өкемөтүнүн башчысы Т.Абдырахмановго, жер боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага | З. Боронов |