Загрузка документа…
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 28-апрели № 15/5
Кыргыз Республикасынын транспорт жана жолдор министринин орун басары Жусубалиев Азимкан Илиязовичке «Ардактуу атуул» наамын берүү жөнүндө
Жошолу айыл өкмөтүнүн айылдык Кеңешинин уюштуруу укуктук маселелер, мыйзамдуулук, мамлекеттик бийлик жана өз алдынча башкаруунун аймактык органдар менен өз ара аракеттенүү боюнча туруктуу комиссиясынын макулдугунун, айыл өкмөт башчысынын сунушунун негизинде Жошолу айылдык Кенешинин VI чакырылышынын ХV заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жошолу айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикасын жана инфраструктурасын көтөрүүдөгү кошкон зор салымы үчүн Кыргыз Республикасынын транспорт жана жолдор министринин орун басары Жусубалиев Азимкан Илиязовичке Жошолу айылдык кеңешинин «Ардактуу атуулу» наамы берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык Кеңешинин уюштуруу укуктук маселелер,мыйзамдуулук, мамлекеттик бийлик жана өз алдынча башкаруунун аймактык органдар менен өз ара аракеттенүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | З. Боронов |