Загрузка документа…
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 6-июну № 16/1
Жошолу айыл өкмөтү жана АРИС ортосундагы алкактык келишимдин негизинде сатылып алынган Фронтальный,погрузчик RONGWEI ZI 939 E ковшанын көлөмү 1,8 м3 техникасын баланска кабыл алуу жана элге кызмат көрсөтүүдөгү тарифин бекитүү жөнүндө
Айыл өкмөттүн салык жана жыйымдар боюнча башкы адиси А.Жеенбековдун айыл өкмөткө сатылып алынган техниканы баланска кабыл алуу жана элге кызмат көрсөтүүдөгү тарифин бекитүү жөнүндөгү маалыматын угуп жана талкуулап Жошолу айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз ХVI заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жошолу айыл өкмөтү жана АРИС ортосундагы алкактык келишимдин негизинде сатылып алынган Фронтальный, погрузчик RONGWEI ZI 939 E ковшанын көлөмү 1,8 м3 техникасы айыл өкмөттүн балансына кабыл алынсын.
2. Механизатордун укугу жана милдети түзүлгөн келишимге ылайык бекитилсин жана механизаторго бекитилген талаптарга ылайык иш алып баруу жагы милдеттендирилсин. (№ 1 тиркеме тиркелет).
3. Жошолу айыл өкмөтү жана АРИС ортосундагы алкактык келишимдин негизинде сатылып алынган Фронтальный, погрузчик RONGWEI ZI 939 E ковшанын көлөмү 1,8 м3 техникасынын элге кызмат көрсөтүүдөгү тарифи 1 мото саат иштесе 1804 сом 40 тыйын, ал эми 1саат иштесе 1262 сом 88 тыйын деп бекитилсин.
4. Айыл өкмөт башчысынын жана жайыт комитетинин уруксаты менен айыл өкмөткө тиешелүү жумуш болбогон бош убакытта техника Жошолу айыл өкмөтүнүн тургундарынын кайрылуусу боюнча буюртмаларды аткарууга чыгарылсын.
5. Айылдык кеңешке квартал сайын техниканын аткарган иши боюнча отчет берип туруу жагы айыл өкмөт башчысы жана жайыт комитетине жүктөлсүн.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык Кеңештин уюштуруу укуктук маселелер, мыйзамдуулук, мамлекеттик бийлик жана өз алдынча башкаруунун аймактык органдар менен өз ара аракеттенүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | З. Боронов |
Жошолу айылдык Кеңешинин
VI чакырылышынын кезексиз
ХVI заседаниесинин 2018-жылдын
06-июнундагы № 16/1
токтомуна № 1 тиркеме
Механизатордун укугу:
* Механизатор- спецтехниканы башкарып-иштетүүгө;
* Мотосаат жеткенде токтотуп коюуга;
*Буюртма берген жарандын аткарта турган жумушу менен алдын ала көрүп, таанышып келүүгө (техниканын күчү жетпей турган иш болуп калуусу мүмкүн).
Механизатордун милдети:
* техниканы келишимдин негизинде өткөрүп алгандан кийин ар дайым оң абалда кармоого.
* ТО-1,ТО-2,ТО-3,ТО-4,ТО-5 жана башка техникалык кароодон өз убагында өткөрүп туруу.
* Техниканы өз убагында (ТО-1денТО-5)кароодон өткөрбөй, шалаакылык менен техникага зыян алып келсе, келтирилген чыгым механизатордун эсебинен ордуна коюлат.
* Техниканын жолдо жүрүү эрежелерин, өрт коопсуздугун, жумуш учурунда коопсуздук эрежелерди сактабай техникага зыян алып келинсе келтирилген чыгым механизатордун эсебинен төлөнүп берилет.
* Кыргыз республикасынын мыйзамдарынын негизинде бардык төлөмдөрдү(патент,страховой полюс,транспорт салыгын жана башка) өз убагында төлөөгө милдеттүү.
* Техниканын узак мөөнөткө кызмат кылуусу үчүн анын сакталышын камсыздоо максатында (жабык гаражда же болбосо навесте) кармоого милдеттүү.
* Техниканы башка бирөөгө башкарууга берүүгө укуксуз.
* Түнкүсүн иштөөгө тыюу салынат;
* Техникага терс таасирин тийгизген кооптуу( таштак,жар,дарыя,суу, ж.у.с.)жерлерде иштөөгө тыюу салынат жана андай жерде ииштөодөн баш тартууга укуктуу.
Айыл өкмөт башчысынын жана жайыт комитетинин укугу жана милдети:
Техниканы, механизатор келишимде көрсөтүлгөн жоболорду аткарбаган учурда кайтарып алууга укуктуу.
Техниканын ар-дайым оң абалда болуусун текшерип турууга милдеттүү.
Техниканын сакталышын(үстү жабык жайда же болбосо атайын гаражда) камсыздоого милдеттүү.
Фронтальный,погрузчик RONGWEI ZI 939 E ковшанын көлөмү 1,8 м3 (96л/с)
1. Фронтальный погрузчик 1мото(машина)саатта 1,8м3 ковша менен жер кыртышын казганда жана жүктөп берүү жумуштарын аткарганда колдонулуучуТАРИФ
№ | Статья | ед-ца измер | Норма затрат | Базисная стоимость | Всего на мото/час | примечание |
1 | Амортизация | сом | 1 | 218,16 | 218,16 |
|
2 | Дизельное топливо | кг | 11,5 | 44,18 | 508,07 |
|
3 | СМ | кг | - | 105,25 | 105,25 |
|
4 | Гидравлическая жидкость | кг | 0,14 | 87 | 12,18 |
|
5 | З/п машиниста | сом | 1 | 164,21 | 164,21 |
|
6 | Запчасти и механизмы | сом | 1 | 20,29 | 20,29 |
|
7 | Ремонт и техобслуживание | сом | 1 | 511,72 | 511,72 |
|
8 | Перебазировка | сом | 1 | 30,62 | 30,62 |
|
9 | Накладные расходы к=95% | сом |
|
| 155,80 |
|
10 | Прибыль к=50% | сом |
|
| 82,10 |
|
| ИТОГО тариф | сом |
|
| 1808,40 |
|
Эскертүү: 1мото(машина)саатка=1808сом 40тыйын.
1саатка 1808,40*0,7=1262сом 88тыйын.
2.Атайын техниканы күтүү үчүн 1 жылга карата утурумдук оңдоолорго жумшалуучу чыгым.
№ | Чыгымдар | Өлчөө бирдиги | Бирдик баасы | Сумма | Эскертүү |
1 | Техникалык кароо | сом | 5000,0 | 5000,0 |
|
2 | Майлоочу материалдар | сом | 15000,0 | 15000,0 |
|
3 | Керекүү тетиктер | сом | 30000,0 | 30000,0 |
|
4 | Күтүлбөгөн чыгымдар | сом | 10000,0 | 10000,0 |
|
5 | Салык | Тариф боюнча |
| 2500,0 |
|
6 | Ай сайын төлөнүүчү патент | Тариф боюнча | 500,0 | 6000,0 |
|
| Бардыгы |
|
| 68500,0 |
|
Эскертүү: 1.Бул чыгымдарды жайыт комитети өзүнө алат жана бюджеттен каржылайт.
Фронтальный погрузчикти пайдалануудан түшкөн таза киреше жайытты , башкаруу планындагы бюджеттин киреше булагы болуп эсептелет.
Төрага З. Боронов