Загрузка документа…
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 6-июну № 16/3
Жошолу айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн 2019-2020-2021-жылдарга болжолдуу бекитүү жөнүндө
Жошолу айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Б.Эрмекбаеванын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Жошолу айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз ХVI заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. 2019-жылга карата Жошолу айыл өкмөтүнүн жалпы киреше бөлүгү 125,52,5 миң сомду, теңдөөчү грант 10411,5 миң сомду, өздүк киреше 2141,0 сомду түзгөн бюджеттин долбоору бекитилсин.
2. 2020-жылга карата Жошолу айыл өкмөтүнүн жалпы киреше бөлүгү 12318,7 сомду, теңдөөчү грант 10052,7 миң сомду, өздүк киреше 2266,0 миң сомду түзгөн бюджеттин долбоору бекитилсин.
3. 2021-жылга карата Жошолу айыл өкмөтүнүн жалпы киреше бөлүгү 12585,7 сомду, теңдөөчү грант 10184, 7 миң сомду, өздүк киреше 2401,0 миң сомду түзгөн бюджеттин долбоору бекитилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөттүн башчысы Т.Абдырахмановго милдеттендирилсин.
Төрага | З. Боронов |