Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 26-июну № XII-1
Ноокат шаар мэриясынын алдындагы “Ноокат Коммуналдык чарбасы” акционердик коомунун тазалык боюнча 2017-жыл ичинде аткарган иштери жөнүндө
Ноокат шаар мэриясынын алдындагы “Ноокат Коммуналдык чарбасы” акционердик коомунун тазалык боюнча 2017-жыл ичинде аткарган иштери боюнча “Ноокат Коммуналдык чарбасы” акционердик коомунун жетекчиси Н. Абдурахмановдин отчетун угуп жана талкуулап, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2,6-бөлүктөрүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.“Ноокат Коммуналдык чарбасы” акционердик коомунун жетекчиси Н. Абдурахмановдун 2017-жыл ичинде аткарган иштери жөнүндөгү отчету канааттандыраарлык деп табылсын.(Отчету тиркелет)
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кенешинин муниципиалдык менчик, өнөр жай, курулуш, экология, архитектура, транспорт, агрардык маселелер жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Гафаров |
Ноокат шаардык мэриясынын алдындагы “Ноокат Коммуналдык чарбасы” акционердик коомунун тазалык боюнча аткарып жаткан иштери жөнүндө“ Ноокат Коммуналдык чарбасы” акционердик коомунун жетекчиси Н. Абдурахмановдун отчету
Урматтуу депутаттар !
Урматтуу төрага !
Ноокат шаардык мэриясынын алдындагы “Ноокат Коммуналдык чарбасы” акционердик коомунун эмгек жамааты 2018-жылдын I-жарым жылдыгында Ноокат шаар элине коммуналдык кызмат көрсөтүү боюнча бир топ ийгиликтерге жетишти.
2017-жылда өздүк кирешебиз 1500 000 сомду түзгөн болсо, ал эми 2018-жылда 1600 000 сомго эрежелештирилген, 2018-жылдын I-жарым жылдыгында 800 000 сомду түздү.
Эмгек жамаатыбызда 29 адам эмгектенет. Аларга өндүрүштүк талаптарга ылайык шарт түзүлүп берилген. Жыл сайын медициналык текшерүүдөн өткөрүлөт. Ошондой эле жумушчулар жана механизаторлар арасында техникалык коопсуздукту камсыздоо боюнча иш чаралар жүргүзүлөт. Ай сайын атайын (спец. питания) сүттү тамактар берилет.
Жылда 2 жолу кышкы жана жазгы кийимдер (спец. одежда) берилет. Андан сырткары иш куралдары (лопата шыпыргы кол мээлей) менен ар дайым камсызданат.
Жыл бою Ноокат шаар аймагында жана шаар мэриясына караштуу мектеп жана бала бакчалардан ошондой эле башка ишкана, коммерциалык дүкөн, ашканалардан 136 400 м3 таштандылар (ТБО) ташылып чыгат жана аларды таштанды төгүүчү жайда химикаттар менен санитардык иштөө жүргүзүлөт. Ошондой эле шаарды көрктөндүрүү жана жашылдандыру боюнча дагы бир топ жумуштар аткарылды .
2018-жыл «Аймактарды өнүктүрүү жылына карата» бир топ алгылыктуу иштер алып барылды. Ноокат шаардык мэриясынын алдындагы “Ноокат Коммуналдык чарбасы” акционердик коомунун материалдык-техникалык базасын чындоого өзөгөчө көнүл бурулууда.Шаар аймагында тазалыкты камсыз кылуу,тейлөө сапатын жакшыртуу максаттында аталган ишканага Ноокат шаар депутаттарынын колдоосу менен атайын көтөргүч (автовышка) машина, «МТЗ-Т 82.1» маркасындагы эки трактор жана таштандыларды жуктоочу (погрузчик) сатып алынды.
Эми 2018 жылга “Аймактарды өнүктүрүү” жылына карата бир топ жумуштарды эрежелештирип жатабыз.Ушул жылдын 1-мартынан баштап шаарды көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана санитардык тазалоо иштери кызуу өткөрүлдү. Ноокат шаардык мэриясынын алдындагы “Ноокат Коммуналдык чарбасы” акционердик коому мүмкүнчүлүгүнө жараша жыл сайын көчөлөргө арча, кайын, ж.б көчөттөрдү эгип, шаарыбызды жашылдандырууга өз салымыбызды кошуудабыз.
Атайын таштанды таштоочу жайлардан күнүнө 10 тоннадай таштанды чогултуп, тазалыкты камсыздоо маселесин жөнгө салууга аракет кылып келүүдө. Ноокат шаардык мэриясынын алдындагы “Ноокат Коммуналдык чарбасы” акционердик коомунун кызматкерлери тарабынан тазалоо иштери тан эртелеп борбордук көчөлөргө суу себүү менен башталып, каш карайганга чейин жол боюндагы арыктардагы таштандыларды тазалоо менен уланат. 2018-жылдын 18-марттан тартып 25-мартка чейинки убактарда Ноокат шаарынын аймагыдагы Ош, Лутфуллаев, Солтобаев, Ленин атындагы жана башка көчөлөрдөгү можжовельниктер кыркылып иретине келтирилди. Мындан сырткары электр чубалгыларына тоскоол жараткан 300-400 бак-дарактарды бир катар буталып, иретке келтирилди. Ошондой эле бул жумуш учун атайын адис жумушчулар менен келишимдин негизинде иш аткардык.
Кошумча киреше табуу максатында коёшулаш айыл өкмөттөр менен дагы тыгыз иш алып барып жатабыз. Атап айтсак Мирмахмудов айыл өкмөттүнөн 27 500 сомдук коммунальдык кызмат көрсөттүлдү. Дагы башка айыл өкмөттөр менен дагы коммуналдык кызмат көрсөтүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.
Мындан ары Ноокат шаар мэриясынын алдындагы “Ноокат Коммуналдык чарбасы” акционердик коому Ноокат шаарынын элине сапаттуу коммуналдык кызмат көрөотүүнү камсыз кылабыз деп силерди ишендирип кетемин.
Көӊүл бурганыӊыздар үчүн рахмат!
Ноокат шаар мэриясынын алдындагы “Ноокат Коммуналдык чарбасы” акционердик коомунун жетекчиси Н. Абдурахманов