Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 25-июну № XII-2
Ноокат шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин 2017-жылда жүргүзгөн иштери жөнүндө муниципалдык менчик департаментинин директору М.М. Алиевдин отчету жөнүндө
Ноокат шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин 2017-жылда жүргүзгөн иштери жөнүндө муниципалдык менчик департаментинин директору М.М.Алиевдин отчетун угуп жана муниципалдык менчик, өнөр жай, курулуш, экология жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген сунушун негизинде Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын №101 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” 31-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3,5- бөлүкчөлөрүнө ылайык Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Ноокат шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин директору М.М.Алиевдин 2017-жылда жүргүзгөн иштери жөнүндөгү отчету канааттандыраарлык деп табылсын.(Отчету тиркелет)
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кенешинин муниципиалдык менчик, өнөр жай, курулуш, экология, архитектура, транспорт, агрардык маселелер жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Гафаров |
Ноокат шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин 2017-жыл ичинде аткарган иштери боюнча Ноокат шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин директору М. Алиевдин маалыматы
Урматтуу депутаттар!
Урматтуу төрага А.Мадумарович!
Урматтуу мэр Ж.Амадалиевич!
Урматтуу бүгүнкү сессиянын катышуучулары! Муниципалдык менчик департаменттин 2017-жылда аткарган иштери жөнүндө маалымат берип өтөйүн.
Ноокат шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинде эмгектенген кызматкерлердин саны 8. Штаттык бирдикте каралган кызматкерлердин жалпысы 9. Башкача айтканда 1 орду бош турат. Жогорудагы кызматкерлердин кызмат көрсөтүүсүнө жыл ичинде чегерилген эмгек акысынын жалпы көлөмү 1 194 000 сом, анын ичинен социалдык казынага төлөмү 178 500 сом, эмгек акы 979 839 сом.
Ноокат шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти тарабынан үстүбүздөгү жылдын 1-декабрына карата 33-токтом даярдалып, алар Ноокат шаар мэриясы тарабынан бекитилди. Алардын ичинен жарандардын турак-жайларына пайдаланууга бекитилип берилген жер аянттарынын ичинен, курулган обьектилерге пайдалануу багытын өзгөртүү боюнча 9 токтом, турак жай үчүн курулушун кайра курууга 5 жаранга тиешелүү мыйзам талаптарын сактоо менен 5 токтом чыгарылып берилди. Калган 19 токтом ар кандай жогорку органдардан аткарууга алуу үчүн келген токтомдор.
Муниципалдык менчик департаментине жыл ичинде бүгүнкү күнгө чейин ар кандай мазмундагы 91 арыз келип түшүп, каттого алынган. Ал арыздар негизинен шаардын аймагындагы тургундардын, шаарда жайгашкан соода базарынын соодагерлеринен, райондук администрациясынан жана башка органдардан келип түшкөн арыздар. Арыздардын дээрлик көпчүлүгү жол четиндеги мыйзамсыз соодага багытталган. Бул маселени чечүү максатында убагында төлөнүүчү автотоктомдон алынуучу кирешенин жоготуусуна карабастан мэр Ж.Нурдинов, төрага А.Гафаров жана райондук мамлекеттик администрациясы менен биргеликте убактылуу акы төлөнүүчү автотоктомду мөмө жемиш сатуучу базар катары пайдаланууга, багытын өзгөртүүгө да туура келди. Ошондой эле Ноокат шаарынын тургундарына шарт түзүү максатында, шаар аймагындагы борбордук көчөлөрдө, мыйзамсыз өз билемдик менен соода жүргүзгөн жарандарга тиешелүү мекеме ишканалар менен биргеликте түшүндүрүү иштери жүргүзулүп, чара көрүү максатында атайын акттар түзүлүп, байма-бай рейддер уюштурулду.
Ноокат шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин финансы каражаттары боюнча
Муниципалдык менчик департаментинин 2017-жылга карата бекитилген киреше болугу
Акы төлөнүүчү авто токтомдор (автопарковкалар) жыл башында пландаштырылганы 1 200 000 сом. Акы толөнүүчү авто токтомдор райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын сунушу жана жогорку органдардын сунушу менен 6 акы төлөнүүчү авто токтомдор жоюлуп, жыл башында пландаштырылган 1 200 000 сомдун ордуна 600 000 сомго өзгөргөн. Башкача айтканда 627 800 сом өндүрүлдү.
Н.Исанов атындагы эс алуу багынын ижара акысы 50 000 сом жана селкинчектер орношкон эс алуу жайына ижара акысы 39 600 сом болуп жалпысы 89 600 сомду түзөт. Анын ичинен жергиликтүү бюджетке өндүрүп алынганы 89 600 сом. Мында белгилей кетчү нерсе Ноокат шаарынын көркү болгон Н.Исанов эс алуу багына жана селкинчектер орношкон эс алуу жайына ижарачы жергиликтүү инвесторлор тарабынан инвестиция тартылып, эс алуу багынын көркү артты.
Ижарага берилген жер аянттары жалпысы болуп 18 жаранга эки тараптуу негиз берилген. Анын ижара акысы 306 066 сом, анын ичинен бүгункү карата өндүрүлгөнү 306 066 сом.
Негизинен Ноокат шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин киреше бөлүгү толугу менен өндүрүлуп алынган.
Муниципалдык менчик департаментинин бюджетинин чыгаша бөлүгү.
Ноокат шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти тарабынан, шаарыбыздын социалдык инфраструктурасын өнүктүрүү жана шаар тургундарынын көйгөйлөрүн чечүү максатында, бирдиктүү мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланып, жалпысы 30 тендер өткөрүлдү.
Мамлекеттик сатып алуулар боюнча порталга жарыяланган тендерлердин жалпы суммасы 10 760 313 сом. Өткөрүлгөн тендерлердин жыйынтыгы менен жеңүүчүлөр тарабынан сунушталып кабыл алынган сатып алуулардын суммасы 9 323 478 сом болуп, Ноокат шаарынын жергиликтүү бюджетине 1 436 835 сом үнөмдөлгөн.
Аткарылган иштер боюнча
Ноокат шаарынын аймагында 2017-жыл ичинде жолдорго төшөлгөн асфальттын узундугу жалпысы 1 070 метр. Ноокат шаарынын борбордук айлампанын айланасында тротуарлар түзөтүлүп асфальт төшөлдү. Тротуарларга атайын тосмолор орнотулду. Шаардын ичине асфальт төшөлүп, бирок мөөнөтү жеткендиктен, чункурчалар пайда болуп жалпысы 370 400 сомдук оңдөп түзөө иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле шаар ичиндеги жолдорго жол жүрүү эрежелери авто токтомдор боюнча белгилер, көчолөрдүн четине атайын бетон-блоктор орнотулуп, жөө жүргүнчүлөр үчүн термопласт зебра чийилди. Көчөлордүн четтерине суу ташкындары асфальт бетондорго, автожолго чыкпашы үчүн суу куурлары (лоток) жаткырылды жана чоң трубалар орнотулду.
Атап айтсак шаарыбыздын аймагындагы Барын кварталында аткарылган иштер: Аэропорт жана Фирдавсий көчөлөрүндө узундугу 700 метр лотоктор тазаланып, Фирдавсий көчөсүнө узундугу 54 метрди тузгон лоток жергиликтуу тургундардын эсебинен орнотулду. Фирдавсий көчөсүнөн тартып Аэропорт көчөсүнө карай 154 метр жолго шагал тошолду. Элдин кучу менен тегизделип, жол кенейтирилди. Аткарылган иштерге 420 000 сом жергиликтүү тургундардын эсебинен сарпталган. Муниципалдык менчик департаменти тарабынан элди таза суу менен камсыз кылуу максатында бийиктиги 10 метр болгон 10 тонналык вышка жасатылып, 2 даана суу насосу алынып берилди. Барын кварталындагы А.Абдуллаев атындагы орто мектебинин айланасына аянты 920 м2 олчомундогу 450 000 сомдук асфальт тошолгон. Ошол эле мектепке заманбап спорт залы курулуп берилди.
Ноокат шаарынын Кара-Турпак көчөсүнө таза суу менен камсыз кылуу максатында узундугу 330 метр суу түтүкчосү киргизилди. Ошондой эле Г.Гулям атындагы көчөсүнө 250 метр жана Н.Крупская көчөсүнө 330 метр суу түтүкчөсү орнотулду. Ноокат шаарына караштуу Г.Гулям атындагы жана Кара-Турпак көчөлөрүнө узундугу 619 метр болгон 2 100 000 (эки миллион бир жуз миң сомдук) асфальт жаткырылды. Ошондой эле үстүбүздөгү жылдын ноябрь айларына Кара-Турпак көчөсүнө жарыктандыруу максатында электр чубалгыларын тартуу үчүн бетон мамылар орнотулду. Ноокат шаарына караштуу Жамий көчөсүндөгү автомобилдердин жүрүүсүнө тоскоолдук жараткан көчөдөгү чуңкурчаларды оңдоп түзөө максатында 125 м.кв болгон асфальтка жамоо иштери жүргүзүлдү.
Ноокат шаарынынын аймагындагы Бостон кварталындагы Умиров 1 атындагы көчөсүнө шагал төшөлүп, жолдун эки чети кеңейтилип, тротуар ачылды. Ошндой эле демөөрчүлөр тарабынан ичүүчү суу түтүкчөсүн кол ашар жолунда казылып жаткырылып, суу түйүнүнө уланды жана калкка таза суу берилди. Партсьезд көчөсүндө арыкка суу батпай жолго ашып жаткандыгына байланыштуу, көлөмү диаметри 400 мм болгон труба орнотулуп, үстүнө шагыл жаткырылып, жол кеңейтилди. Жаштык атындагы көчөсүнө таза суу чыкпагандыктан суу түтүктөрү жамалып, оңдолуп түзөлдү. Умиров жана Халдаров атындагы көчөлөрүнө асфальт жаткырылды. 2017-жылдын ноябрь айында Партсьезд көчөсүндө асфальттарды жамоо иштери жүрдү.
Ноокат шаарынын аймагындагы Таштак кварталында 2017-жылы С.Алимбаев атындагы көчөсүндөгү арыктар тазаланып, бак-дарактар буталды. Таштак көчөсүнө шагыл төшөлүп, ашар жолу менен тегизделди. М.Эргешов жана С.Алимбаев атындагы көчөлөрүнө Л-40 маркасындагы лотоктор орнотулду. Эргешов атындагы көчөсүнө 145 метр жол асфальтталды. Ленин атындагы кочосунун 12 м.кв жерине, Ханкелдиев атындагы көчөсүнө 14 м.кв жана Эргешов атындагы көчөсүнүн 29 м.кв жерлерине асфальтта пайда болгон чуңкурчалар оңдолду. Лутфуллаев атындагы көчөсүндөгү чуңкурчалар жамалды.
Патрулдук милиция бөлүмүнүн талаптарын негизинде шаар аймагындагы Ленин, О.Солтобаев, Ош, Эргешов атындагы көчөлөргө жөө жургунчулор отуучу зебралар чийилди. Шаарыбыздагы борбордук айлампанын түштүк, түштүк чыгыш тарабына лотоктор коюлуп, тротуарлар асфальтталды жана жолдун четтери темир тосмо менен тосулуп, пайдаланууга берилди.
Шаардын аймагындагы электр зымдарына тийген, электр энергиясын берүүдө тоскоолдук жараткан бак-дарактардын бутактары кесилип тазаланды.
Көӊүл бурганыӊыздар үчүн рахмат!
Ноокат шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин директору М. Алиев