Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 25-июну № XII-4
Ноокат шаарынын аймагындагы “Мектепке чейинки билим берүү уюму” мекемелеринде тарбияланып жаткан балдардын санын жана ар бир бала үчүн ата-энелер тарабынан мүчөлүк акы төлөмдөрүн бекитүү жөнүндө
Ноокат шаарынын аймагындагы “Мектепке чейинки билим берүү уюму” мекемелеринде тарбияланып жаткан балдардын санын жана ар бир бала үчүн ата-энелер тарабынан мүчөлүк акы төлөмдөрүн бекитүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Ноокат шаарынын аймагындагы “Мектепке чейинки билим берүү уюму” мекемелеринде тарбияланып жаткан балдардын саны төмөндөгүчө:
- “Балапан” атындагы “Мектепке чейинки билим берүү уюму” - 180 бала;
- “У.Салиева” атындагы “Мектепке чейинки билим берүү уюму” - 250 бала;
-“Растищка” ”атындагы “Мектепке чейинки билим берүү уюму” - 60 бала;
- “Курманжан-Датка” атындагы “Мектепке чейинки билим берүү уюму” - 280 бала;
- “Раяна-Нуру “ атындагы “Мектепке чейинки билим берүү уюму” - 120 бала бекитилсин.
2.Ноокат шаарынын аймагындагы мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде тарбияланып жаткан ар бир бала үчүн ата-энелер тарабынан мүчөлүк акы төлөмдөрү ар бир айга 500 (беш жүз) сомдон төлөнөөрү бекитилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Гафаров |