Редакцияот 26.06.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ноокат шаардык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XII сессиясы

 

2018-жылдын 26-июну № XII-5

Ноокат шаары ичинде аткарыла турган жумуштарга акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө

Ноокат шаары ичинде аткарыла турган жумуштарга акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Ноокат шаар мэриясынын 2018-жыл бюджетинин 709 бөлүмүнүн 3111-беренесинин эсебинен:

- Ноокат шаарында жайгашкан эски фонтандын ичиндеги энелердин эстелигин оӊдоп-түзөп, калыбына келтирүү үчүн 50 000 (элүү миӊ) сом;

- 2018-жылдын 15-июлуна карата архитектуралык кызматтарга 57 486 (элүү жети миӊ төрт жүз сексен алты) сом;

- Ноокат шаарынын көчөлөрүнө жол белгилерин жасатып орнотуу үчүн 100 000 (жүз миӊ) сом;

- Ноокат шаардык мэриясы интернеттин ылдамдыгын жакшыртуу үчүн 25 000 (жыйырма беш миӊ) сом акча каражаты ажыратып берилсин.

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

А. Гафаров